АЗОР АРАЛДАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:03, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЗОР АРАЛДАРЫ – Атлантика океанындагы 9 жанар тоо аралынан (эң чоңу – Сан‑Мигел а.) жана бир нече рифтен турган архипелаг. Пиреней ж.а‑нан батыш тарапта; Португалиянын автономиялуу району. Батыштан чыгышка карай 644 кмге созулат. Аянты 2,3 миң км2. Калкы 246,7 миң (2011). Рельефи тоолуу; бийикт. 2351 мге (Пику а‑нда) жетет. Фумаролдор, ми­нералдуу жана термалдык булактары бар. Жер титирөө көп болот. Климаты субтропиктик, океандык. Капталдарында субтропиктик тоо токою жана бадалдар (лавр, каштан, арча ж. б.) өсөт. Банан плантациялары, цитрус өсүмдүктөрү, жүзүм өстүрүлөт. Ири шаарлары жана порт­тору: Понта‑Делгада, Ангра‑ду –Эроишму, Орта.