АГРАРДЫК ИЛИМ ЖАНА КОНСУЛЬТАЦИЯЛЫК КЫЗМАТ БОРБОРУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:46, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (9), а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АГРАРДЫК ИЛИМ ЖАНА КОНСУЛЬТАЦИЯЛЫК КЫЗМАТ БОРБОРУ‒ ил. өндүрүштүк мекеме. КРдин Президентинин 2001-жылдын 31-октябрындагы жарлыгы жана КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 5-январындагы токтому менен КРдин Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдында түзүлгөн. Борбордун карамагына Кыргызстан дыйканчылык ИИИ, А. Дүйшеев атн. Мал чарба, ветеринария жана жайыт ИИИ, Ирригация ИИИ, Агрардык экономика жана кайра иштетүү өнөр жай ИИИ, «Тамеки» ил. өндүрүштүк станциясы, үрөнчүлүк, эксперименттик чарбалар, таяныч пункттары жана мамл. асыл тукум мал з-ддору кирген. Борбор негизинен агр. тармакта ил.-из-лөрдү жүргүзүп, алардын жетишкендиктерин фермердик, дыйкан, кооперациялык чарбаларга жайылтып жана аларга кеӊеш берген; ил.өндүрүштүк конференция, семинар, симпозиум ж. б-ды уюштурган; агр. илимдин жетишкендиктерин пропагандалаган жана жайылткан ж. б. Кыргызстанда агр. илим тармагында жалпысынан 280 ил. кызматкер (анын ичинде 2 академик, 1 корр.-мүчө) эмгектенген. Борбордун ин-тарында жети адистик б-ча докторлук жана кандидаттык диссертация коргоонун 3 диссертациялык кеӊеши иштеген. Борбор ил.-из. тармагында Борб. Азия жана Кавказ мамлекеттеринин ИИИтары, ун-ттери, эл аралык ICARDA (Сирия), CЮMMЮЕ (Мексика), IPGRI (Италия), GАAR (Италия), ICИA (Сауд Аравиясы) ж. б. ил.-из. борборлору менен тыгыз байланышта болгон. Бул борбор 2005-ж-дын аягында ишин токтоткон. А. С. Ажибеков .