АГЕСИЛАЙ II

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:46, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АГЕСИЛАЙ II (б. з. ч. 444‒358, Мармарика) ‒ Спартанын падышасы, кол башчы жана дипломат. Б. з. ч. 396‒394-ж. К. Азияда Персияга каршы согушуп, бир катар жеӊиштерге жетишкен. Спарта менен Коринфтин ортосундагы согуш башталганда, А. Персияга каршы согушту токтотуп, кайра келген. Б. з. ч. 387‒386-ж. Анталкид тынчтыгы б-ча Коринф согушу токтотулган. Анталкид тынчтыгынан кийин А. Грецияда Спартанын үстөмдүгүн орноткон. Спартага зарыл болгон акча каражатын табуу максатында б. з. ч. 361‒360-ж. Египетке келип, египеттиктердин перстерге каршы күрөшүнө жардам берген жана династиялардын так талашуу үчүн болгон күрөштөрүнө катышкан. А. Египеттен мекенине кайтып келе жаткан жолдо каза болгон.