АССИРИЯЛЫКТАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 , с и р и й л е р, а й с о р л о р (чыгыш А. өздөрүн атурия, сурая, батышы сурьян деп аташат) ‒ эл, Жакынкы Чыгыштагы этностук жалпылык. Чыгыш А. (Иран, Түн. Ирак, Түн. Түркия, Россиядагы А.), Батыш А. (Сирия, Түш. Түркия) болуп бөлүнөт. Жалпы саны 3 300 000 киши (2011), а. и. Иранда 32 000, Иракта 850 000, Түркияда 15 000, Сирияда 100 000 киши, о. эле Австралия – 25 000, Россия — 11 084, Армения – 7000, Канада — 7000, Ливан (34 миӊ), Палестина (4 миӊ), Израил (0,5 миӊ), Кувейт (4 миӊ), Грузия (6,2 миӊ), Армения (3,4 миӊ), Азербайжан (1,3 миӊ), Россия (13,7 миӊ), Украина — 3200, Грузия — 2400. 

чейин жетет. А. ассирия (жаӊы арамей, жаӊы сирия, сирия) тилинде сүйлөшөт. Христиан динин тутушат. Алар байыркы А-дын тукумдары. А-да 1-к-дан христиан дини тараган. Араб халифатынын доорунда (7-к.) ассириялык несториан чиркөөсү өнүккөн. 13-к-да Сириядан Кытайга чейинки аймакта 130 епископ, 25 митрополий патриархтын карамагында болгон. Азыркы мезгилде А-га негизинен ассириялык Чыгыш чиркөөсү (несториандык), сириялык яковиттик чиркөө (монофисттик) ж-а ассирий-халдей чиркөөсү таандык. 14-к-дын аягында Тимурдун басып алуусунун мезгилинде А. ислам динин кабыл алууга каршы чыгышкан ж-а өздөрүн аман сактап калыш үчүн Курдистан тоолоруна жашырынышып, Кипрге качышкан. 16-к-да А-дын көпчүлүгү Осмон империясынын аймагында жашашкан. 19-к-дын 40-ж-нда адабий ассирия тили иштелип чыккан. А. Россияга 1826‒28-ж. орус-иран согушунун мезгилинде көчүп келе баштаган. 1917-ж. Россиянын аймагында 50 миӊге жакын А. жашаган ж-а көпчүлүгү православие чиркөөсүнө өтүшкөн. А. дыйканчылык, мал чарбачылык ж-а балыкчылык м-н кесип кылышкан. Аларда уруулук түзүлүш узак мезгил сакталып, князь (малики), старосталар (ришмат) башкарган. Учурда А-да орто бизнес, интеллигенциянын өкүлдөрү, ассирия лык эл аралык коомдук уюмдар пайда болуп, ассирия тилинде газета, журналдар чыгарылат. А-да жаӊы жыл, о. эле христиандык салттуу майрамдар майрамдалат.
Ад: Пигулевская Н. В. Культура сирийцев в средние века. М., 1979; Матвеев А. К., Матвеев К. П. Ассирийцы: история и этнография ассирийцев. М., 1990; Ассирийцы: фольклор. М., 1991‒1992. Кн. 1‒2.