АБЛЯЦИЯ
Jump to navigation
Jump to search
АБЛЯЦИЯ (соңку лат. ablatio – алып коюу) гляциологияда – мөңгү же кар катмарынын эрүүдөн, буулануудан же механикалык ажыроодон (шамалдын учурушунан, айсбергдердин бөлүнүшүнөн ж. б.) кичирейиши. Пайда болуу өзгөчөлүктөрүнө жараша түпкү, ички жана үстүнкү Абляция болуп бөлүнөт. Түпкү Абляция – жердин ички жылуулугунан жана муз катмары козголгондо анын жер кыртышына сүрүлүшүнөн, ички Абляция муз бөлүктөрүнүн өз ара сүрүлүшүнөн жана суу менен абанын муз арасынан өтүшүнөн, үстүнкү Абляция - күн радиациясы менен абанын жылуулугунан пайда болот.