АВТОБУС
АВТОБУС [авто (мобиль ) жана (омни) бус] ‒ жүргүнчү ташуучу автотранспорт. Азыркы кездеги А-тун тарыхый «бабасы» омнибус ‒ белгилүү маршрут б-ча жүргүнчү ташуучу, жалпы пайдалануудагы транспорт каражаты катары чыккан. Ат сүйрөгөн омнибус менен шаар ичинде жүргүнчүлөрдү ташуу алгачкы жолу 1662-ж. Францияда уюштурулган. А. 20-к-да пайда болгон. Алгач ал жыгач чанак (кузов) орнотулган
жүк машинасынын шассисин элестетчү. А. 1914-ж-дан кеӊири пайдаланууга бериле баштаган. Москвада такай жүргөн А. каттамы б-ча жүргүнчүлөрдү ташуу 1924-жылдан, Бишкекте 1945-жылдан кийин уюштурулган. А. класстарга (микроавтобустан өтө чоӊ автобуска чейин), ар бир класс, өз кезегинде, арналышына карата модификацияга [шаардык, шаар айланасындагы, шаар аралык (туристтик), жерг. каттамдагы, алыска каттоочу] бөлүнөт. Жүргүнчүлөргө арналган микроавтобуста 9‒15, өтө чоӊунда 250гө чейин орун болот; ылдамдыгы 120 км/с (алыска каттаган А. үчүн). Анын чанагы вагон түрүндө жасалат. Астыӊкы негизине кыймылдаткыч, кыймыл берүү кутусу, алдынкы жана арткы дөӊ
гөлөк октору бекитилет. Кыймылдаткыч А-тун алдына, ортосуна же артына орнотулат. Азыркы А-та жүргүнчүлөр үчүн жана айдоочуга зарыл түрдөгү жайлуу орундар камсыздалган.