АХМЕТОВ ЗАКИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:16, 19 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АХМЕТОВ ЗАКИ (4. 5. 1928, Чыгыш Казакстан обл., Улан р-ну, Узун-Булак айылы ‒ 17. 12. 2002, Алматы) ‒ адабиятчы, филология илимдеринин доктору (1965), проф. (1966). Казакстан ИАнын корр.-мүчөсү (1975), академик (1983), Казакстан Респ-сынын илимге эмгек сиңирген ишмери (1978), Казакстан мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1996), Казакстан ИАнын Валиханов атындагы сыйлыгынын лауреаты (1980). Казак мамлекеттик университетин (1978) бүтүргөн. Ленинграддагы Чыгыш таануу институтунда аспирант (1948‒51), Казакстан кыздар мамлекеттик педагогикалык институтунда кафедра башчысы (1951‒75), Казакстан ИАнын М. О. Ауэзов атындагы Адабият жана өнөр институтунда директордун орун басары, директор, Казакстан ИАнын окумуштуу секретары (1975‒84), вице-президенти (1984‒86), Казакстан Жогорку Кеӊешинин депутаты (1985). Фундаменталдуу ил.-изилдөөлөрү казак адабиятынын тарыхы менен теориясына, азыркы адабият таануудагы жаӊычылдык, көркөмдүк, чеберчилик, поэтикалык адабий байланыштар проблемаларына арналган. Абай таануу, Ауэзов таануу маселелери б-ча ил. монографияларды жазган. Абайдын толук чыгармалар жыйнагын (1954, 1957, 1970, 1995) даярдоого катышкан. Анын редакциясы астында «Адабият таануу терминдеринин сөздүгү» (1996) жарык көргөн. «Өлөӊ сөздүн теориясы» деген монографиясы 1992-ж. Кытайда жарык көргөн. Кыргыз илимпоз кадрларын даярдоодо да зор эмгеги бар.
Чыг.: Современное развитие и традиции казахской литературы. А.-А. 1978; Поэтика эпопеи «Путь Абая» в свете истории его создания. А.-А., 1984; Роман-эпопея Мухтара Ауэзова. А. 1997.
Ж. Медералиева.