АСИНХРОН РЕЖИМИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:29, 27 Февраль (Бирдин айы) 2023 карата MMEE_Comp>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(Asynchronous mode-Асинхронный режим). Бул режимде маалыматтар убакыттын туура эмес интервалында, б.а. берилиштер киргизилгенине жараша бирден байт менен айрымайрым жиберилип турат. Байттын башын жана аягын айырмалаш үчүн баштоочу жана аяктоочу биттер колдонулат. Айрым учурда жиберүүдө кетирилген катаны текшерүү үчүн кошумча бит байттын аягына кошулат, себеби жиберүү учурунда айрым биттер өзгөрүлүп калышы мүмкүн. Бир учурда бир байт жиберилгендиктен асинхрондук режим салыштырмалуу жай, ошол себептен, ал аз сандагы берилиштерди жиберүүдө колдонулат.


АСИНХРОН РЕЖИМИ.jpg