АВТОЖҮКТӨГҮЧ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:37, 13 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата v1e2_72-116>Kadyrm тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 (авто... ж-а жүктөгүч ) ‒ жүктү көтөрүп-ташуучу, дөӊгөлөк м-н өзү жүрүүчү машина. Кезеги м-н алмаштырып турма жумушчу жабдыктардан (чөмүч, кыстарып- кыпчып, орой кетүүчү айры, түрмөктөр ж-а кыска түтүктөр үчүн штырь, чубурма материалдар үчүн чөмүч ж. б.) турат. Ал дааналай ж-а чубурма жүктөрдү жүктөйт, түшүрөт, о. эле жайгашты руу, которуп ташуу үчүн колдонулат. Жүк көтөрүмдүүлүгү 10 т келген А. кеӊири колдонулат. Электр кыймылдаткычы м-н жабдылган буга окшош машине электр жүктөгүч деп аталат.