АЛДЫНА ТҮШҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 ‒ кыргыз коомунда байыртадан кеӊири колдонулуп келаткан, күнөөсүн мойнуна алып, кечирим суроо салты. Алдыга түшкөн киши мал же баалуу буюм тартуулаган. А. т. расмиси ар кандай шарттарда өткөрүлөт. Анын көп түрү бар. Мис., келинди качырып алса, кыздын ата-энесине барыш үчүн мал-мүлкүн тартуулап, кудалардын алдында «ачуу басар» айыбына жыгылат; урушкандар ортосунда жабыр тарткандардын алдына түшөт; кичүүсү улуусуна тил тийгизсе, улуу адамдын алдында кечирим сурайт; эки адамда теӊ күнөө болсо, калыстар жараштырып коюшат. Албетте, жоокерчилик заманда күчтүүлөр алсыздарды «күнөөлөп» алдына түшүрүшкөн. Эл арасында айтылып жүргөн «алдыӊа түшсө, атаӊдын кунун кеч», «сунган моюнду кылыч кеспейт» деген сыяктуу макалдар А. т. адебинен калган болуу керек.