АЛГЕБРАЛЫК ИЙРИ СЫЗЫК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 ‒ өлчөмү 1ге барабар болгон алгебралык көп түспөлдүүлүк . Эӊ жөнөкөй А. и. с. катары жалпак аффиндик ийри сызыкты түшүнсөк болот. Жалпак аффиндик А. и. с. аффиндик<formula>A2k </formula>тегиздигинде f(x,y) теӊдемесин канааттандырган чекиттердин көптүгү. Мында f(x,y) коэфф-тери алг. туюк k-талаасында жаткан көп мүчө. Аффиндик ийри сызыктарды изилдөөдө топологиялык ыкмаларды колдонобуз, б. а. аффиндик ийри сызыкты Pn проективдик мейкиндигине туюктоо м-н камтып, аны Зарисскийдин топологиясы м-н жаб
АЛГЕБРАЛЫК ИЙРИ СЫЗЫК43.png

дыйбыз. Бул учурда проективдик X ийриси пайда болот ж-а баштапкы аффиндик Ю ийри сызыгы Xтен чектүү сандагы чекиттерди алып салуу м-н алынат. Ошентип аффиндик ийри сызыкты изилдөө проективдик ийри сызыкты изилдөөгө алып келет.
Ад.: Шафаревич И. Р. Основы алгебраической геометрии. М., 1972; Уокер Р. Алгебраические кривые. М., 1952; Мамфорд Д. Лекции о кривых на алгебраической поверхности. М., 1968.
А. А. Чекеев, С. С. Токсонбаев.