АЛГАЧКЫ ДЫЙКАНЧЫЛЫК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
‒ алгачкы коомдун мезолит доорунда калыптана баштаган өндүрүштүк тармактын бир түрү. Ал жыйноочулуктан бөлүнүп чыгып, алгач аялдар эмгектенген. Алар адегенде өздөрү жашаган турак жайдын айланасындагы жерлерди гана айдашып, таш, жыгач, сөөктөн жасалган жөнөкөй эмгек куралдарын колдонушкан. Себилүүчү өсүмдүктөрдүн түрү да аз болгон. Эмгек куралдарынын өтө жөнөкөйлүгүнөн улам, адамдар алгач саздак ж-а борпоӊ топурактуу жерлерди гана иштете алышкан. Бара-бара алар ири жер аянттарын токой-бадалдардан арылтып, мурда сугарууга ыӊгайсыз кургак жерлерге арык казып, суу алып баруу м-н жерлерди өздөштүрө башташкан. Археол. табылгаларга караганда, Азия, Түн. Африка, Европа аймактарын мекендеген алгачкы дыйкандар буудай, сулу, арпа, шалы эгишкен. Кийинчерээк А. д-та которуштуруп айдоо ыкмалары колдонула баштаган.