АВСТРОНЕЗИЯЛЫКТАР
18:37, 13 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата v1e2_72-116>Kadyrm тарабынан жасалган версия
‒австронезия тилинде сүйлөгөн эл, Тайвань а-нын жерг. калкы (гаошандар). Түш. Чыгыш Азиянын чамдары, индонезиялыктар ж-а филиппиндиктер, чыгыш тиморлуктар, малайзиялыктар, сингапурлуктар, малагасийлер, полинезиялыктар, меланезийликтер, микронезиялыктар брунейликтер ж. б. Саны 400 000 000 киши (2016). А. деңизде сүзүү технологиясын (катамаран, балансирлөөчү кайык, үч бурчтуу парустук кайык ж. б.) ойлоп табышкан, бул алардын Индия ж-а Тынч океанындагы аралдарга тезирээк жайгашышына шарт түзгөн. Б. з. ч. 5–4-миң жылдыктарда А. жамааты ыдырай баштаган. Айрымдары Япон а-на көчүп кетип, алар м-н ассимиляцияланган. Б. з. ч. 4–3- миң жылдыкта А. Филиппин а. аркылуу Малай архипелагына жайгашып, Жаңы Гвинеянын түн. жээгине чейин жетишкен. Андан ары Бисмарк архипелагына, Фиджи ж-а Тонга а-на, Полинезия, Микронезия, Малайзия ж-а Индокытай ж. аралдарына отурукташкан. Негизги кесиби ‒ дыйканчылык, мал чарбачылык ж-а балык уулоочулук.