АШ КЫЗЫЛЧАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:01, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АШ КЫЗЫЛЧАСЫ ‒ шакардуулар тукумунун кызылча уруусунун бир түрү; эки жана көп жылдык тех. өсүмдүк. Уругунан өсүп чыгат, биринчи жылы тамыр, сабак байлап, экинчи жылы урук алынат. Жалбырагы чоӊ, жалбырак сабы, тарамышы кочкул кызыл; тамак-ашка азык тамыры, жаш жалбырагы пайдаланылат. А. к-нда кант, белок, орг. к-та, клетчатка, туз, о. эле С, В, РР, В1 витаминдери бар. Анын 21ден ашуун сорту (Бордо 237, Кыштык А-474 ж. б.) өстүрүлөт. А.к-н тамак-аш катары, дарылык касиети болгондуктан кан басымы жогорулаганда, ичеги-карын ооруларында дарылыкка пайдаланат. Ал которуштуруп айдоодо мурда капуста, томат, бадыраӊ айдалган жерге эгилет. 1 га жерге 16‒20 кг урук 33 см катар аралыкта, 2‒3 см тереӊдикте себилип , 400‒500 ц түшүм алынат. Эки жолу (өнүп чыкканда, суюлтулгандан кийин) кошумча азыктандырылып, 2‒3 жолу сугарылат. Үрөндүгүнүн сабагы кесилип, жазга чейин сакталат.