АМЕРИКА КОШМО ШТАТТАРЫ
АМЕРИКА КОШМО ШТАТТАРЫ (United States of America, USA), A K Ш – Түн. Америкадагы мамлекет. Түндүгүнөн Канада, түш.-чыгышынан Куба (Гуантанамо аскер базасы), түш.-батышынан Мексика менен чектешет. Чыгышын Атлантика океаны, батышын Тынч океан, түштүгүн Мексика булуңу чулгайт. Аянты 9,5 млн км2. Калкы 318,9 млн (2014). Борбору – Вашингтон ш. Мамл. тили – англис тили. Акча бирдиги – АКШ доллары. Адм.-айм. жактан 50 штаттан, штат укугун алган өзүнчө Аляска, Гавайи штаттарынан жана Колумбия федерация (борбордук) округунан турат (к. таблицаны). АКШнын ээликтери: Вест-Индиядагы Виргиния а., Чыгыш Самоа, Гуам жана Океаниядагы бир топ майда аралдар. АКШнын убактылуу «опекасында» Тынч океандагы Каролина, Мариана жана Маршалл а-нан турат. 1903-жылдан бери Панамага таандык Панама каналыньш зонасы АКШнын ижарасында.
Мамлекеттик түзүлүшү
АКШ – федерациялык мамлекет. АКШнын Конституциясы 1787-ж. 17-сентябрда кабыл алынып, 1789-ж. 4-мартта
күчүнө кирген. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет жана өкмөт башчысы – президент; ал о. эле куралдуу күчтөрдүн да башкы командачысы. Президент жана вице-президент эки баскычтуу шайлоо менен 4 жылга шайланат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – Конгресс, ал 2 палатадан – өкүлдөр (435 депутат 2 жылга шайланат) жана сенаттар палаталарынан (ар бир штаттан 2ден сенатор 6 жылга шайланат) турат. Сенаттын курамынын үчтөн бир бөлүгү ар 2 жылда жаңыртылат. Өкүлдөр палатасынын укугу сенаттан кененирээк. Ар бир штат өз конституциясына, мыйзам чыгаруу (легислатура) жана аткаруу органдарына ээ. Штаттарды башкаруу губернаторлор тарабынан ишке ашырылат. АКШда негизинен эки партиялуу система орун алган: Демократиялык (1828) жана Республикалык (1854) партиялар. Мындан сырткары Коммунисттик ж. б. саясий партиялар да бар.
Табияты
АКШнын аймагынын i/2ин (дээрлик
батыш бөлүгүн) Тундук Америка Кордильерасынын бийик кырка жана бөксө тоолору, платолор ээлейт. Кордильеранын чыгыш чет жакасын бийикт. 4000 мден ашкан Аскалуу тоолору, батышын Тынч океанды бойлой жайгашкан Жээк кырка тоолору түзөт. АКШнын эң бийик жери –
Мак-Кинли чокусу (6193 м) Аляска кырка тоосунда. Чыгышын Аппалачи тоолору (бийикт. 2037 м) ээлейт. Кордильера менен Аппалачинин аралыгында жазы – Борбордук туздуктөр (бийикт. 5 мre чейин), түштүктө Жээк туздуктөру Mексика бою ойдуңу, Атлантика бою ойдуңу (Флорида ж. а. кошо) орун алган. АКШнын аймагынын, о. эле жалпы материктин эң чуңкур жери – Чоң Бассейндеги (Мохаве чөлундөгу) Ажал өрөөну, ал деңиз деңг. – 86 м төмөн жайгашкан. АКШ табигый ресурстарга бай: көмүр,жез (өндүрүшү б-ча дүйнөдө 2-орунда), темир, сымап, күмүш, алтын, никель, цинк (дүйнөдө алдынкылардын бири), вольфрам, уран, фосфат, нефть жана табигый газ (казып алынуусу б-ча дүйнөдө 2-орунда), жыгач даярдоо.
Мелүүн жана субтропиктик континенттик климат басымдуу; Флорида ж. а-на тропиктик, Аляскага мелүүн субарктикалык климат мүнөздүү. Январдын орт. темп-расы Аляскада –24,8°С, Борб. түздүктөрдүн түндүгүндө –18°С, өлкөнүн түш.-батышында –12°С, Флорида ж. а-нда 20°Сге чейин. Июлдун орт. темп-расы батыш жээктеринде 14–22°С, чыгышында 16–26°С, ички платолор менен бөксө тоолордун түштүгүндө 32°С. Өлкөнүн, о. эле бүт материктин эң ысык жана кургакчыл жери да Мохаве чөлүндөгү Ажал өрөөнү, анда абанын абс. максимуму 57,7°С катталган; жылдык жаан-чачындын өлчөмү 50–100 мм. Жаан-чачын чыгышында жана түн.-батыш жээк тилкелеринде 1000–2000 мм, Борб. түздүктөрдө 600–900 мм,Улуу түздүктөрдө 400–600 мм, ички бөксө тоолор менен платолордо 400 ммден, айрым жерлеринде 100 ммден аз (Мохаве чөлүндө) жаайт. Ири дарыялары: Миссисипи жана анын куймалары - Миссури, Огайо, Колумбия, Колорадо, Юкон. Миссисипинин сол куймаларынын суусу мол,
көп жерлерде кеме жүрөт, гидроэнергия ресурстарына бай. Оң куймаларынын суусу аз, агымы шар. Өлкөнүн түн.-чыгышында Улуу көлдөр системасы (жарым-жартылайы Канадада) жайгашкан.
Өлкөнүн түн.-чыгышында, Аппаличинин этектеринде, Улуу көлдөрдүн аймагында үстөмдүк кылган чымдак-күл жана токойдун конур топурактары түш. штаттардын аймактарында Кызыл жана сары топурактар менен алмашат. Борб. түздүктөрдүн батышында прерийдин күрдүү каралжын, Улуу түздүктөрдө кара жана каштан, 38° түн. кеңдиктен түштүктү карай күрөң жана бозомук-күрөң, Кордильеранын ички плато,
бөксө тоолорунда жарым чөлдүн конур жана субтропиктик чөл топурактары өөрчүгөн. Түздүктөрдө, о. эле чымдак-карбонаттуу (Улуу көлдөр аймагында, Мексика бою ойдуңунда ж. б. жерлерде), аллювий (Миссисипи д-нын өрөөнүндө) жана шалбаа-саз топурактары кеңири таралган. Тоолуу аймактарга токойдун конур жана күрөң топурактары мүнөздүү. Аляскада тундра, чымдак-чым көң, тоң-тайга, Гавайи а-нда ферралит топурактары үстөмдүк кылат.
Европалыктар келгенге чейин өлкөнүн аймагынын 1/2 бөлүгүнө жакынын токой ээлеген, анда чыгыш бөлүгүн бүт, Кордильеранын капталдарын дээрлик токой каптаган. Улуу түздүктөрдүн кыйла бөлүгүн талаа өсүмдүктөрү ээлеген. 20-к-дын 70-жылдарында токойдун 1/2 бөлүгү кыйылып, талаа айдоого айланган. Өсүмдүктөр мурдагы табигый абалында тоолуу аймактарда гана сакталган. Өлкөнүн түн.-чыгышында жана Улуу көлдөргө жакын шалбаа жана айдоо жерлерге чектеш ийне-жазы жалбырактуу (кызыл карагай, карагай, көк карагай, ак чечек, жөкө дарак ж. б.) токой кездешет. Алар түштүктө, Аппалачи тоолорунун төмөнкү алкактарында (800 м бийиктикке чейин) жазы жалбырактуу токой (эмен, ак чечек, сумах, мандалак дарагы, чынар) менен алмашат. Борб. түздүктөрдө өскүлөң өсүмдүктүү прерия үстөмдүк кыл
ган, азыр ал дээрлик сакталган эмес. 100° батыш узундуктан батышты карай прерия жапыз өскөн кылкандуу өсүмдүктүү кургакчыл талаага өтүп, айрым жерлери айдалат, калган бөлүгү жайыт катары пайдаланылат. Чоң бассейндин чөлдөрүнө жана жарым чөлдөрүнө шыбак, ала бата ж. б. бадалча, бадалдар, 38° түн. кендиктен түштүктү карай чоң кактустар ж. б. суккуленттер мүнөздүү. Кордильера тоолорунда ийне
жалбырактуу токой үстөмдүк кылат; негизги бөлүгүнүн өтө кургакчыл капталдарына кызыл каратайлуу токой, нымдуураак кыр бөлүгүнө жакын карагай-көк карагайлуу токой, 2100-3300 мден жогору субальп жана альп шалбаасы мүнөздүү; айрым жерлеринде талаа ландшафты да кездешет. Тынч океандын жээгинде псевдотсуга, ситхин карагайы, туя токою, Калифорнияда секвоянын 2 түрү (анын ичинде зор мамонт дарагы) таралган. Кургакчыл түш.-батышында токой катуу жалбырактуу бадалдар жана дарактар менен алмашат. Аляскада түн. тайга тибиндеги ийне
жалбырактуу сейрек токой жана тундра өсүмдүктөрү үстөмдүк кылат.
Корукка алынган аймактар улуттук парктарды жана парк-монументтерди, штаттар парктарын, жапайы фауна заказниктерин, рекреациялык аймактарды (40тан ашык) камтыйт. Эң ири улуттук парктары: Йеллоустон, Йосемит, Секвойя, Ганрд-Каньон, Эверглейдс, Мамонт
жана Карлсбад үңкүрлөрү ж. б. АКШнын аймагынын табияты ж-дө о. эле к. Тундук Америка материги.
Калкынын
саны б-ча АКШ дүйнөдө 3-орунда (Кытай, Индиядан кийин). Орт. жыштыгы1 км2 жерге 32 киши. АКШ көп улуттуу өлкө,алардын көпчүлүгү өзүнүн тилин, салтын сактап калган. Калкынын көбүн ак расалар (78,1%) түзөт, о. эле африка-америкалыктар (13,1%) ж. б. улут өкүлдөрү (8%) да жашайт. Жерг. калкы – индейлердин (11,2%) көбү жок кылынган, калгандары резервацияда жашайт. Негрлер, индейлер, мексикалыктар, пуэрторикалыктар расалык дискриминациядан көп жапа чегишет. О. эле испан, кытай, орус, поляк, корей, вьетнам, япон, грек, араб, хинди, урду, армян, навах тилдеринде да сүйлөшөт. Калкынын жашы
нын орт. узактыгы: эркектериники – 74, аялдарыныкы – 82,2 жаш. Христиан (протестант -1,3%, католик – 23,9%, башка христиандар -3,9%), ислам (2%), иудаизм (2%) ж. б. диндерин тутат. Шаар калкы 81,4%. Атлантика океанын, Түш. Калифорнияны жана Улуу көлдөрдү жээктей шаарлар дээрлик туташ тилкени -мегалополистерди түзөт. Ири шаарлары: Нью-Йорк, Лос-Анжелес, Чикаго, Филадельфия, Детройт, Сан-Франциско, Вашингтон ж. б.
Тарыхы.
Азыркы АКШ аймагын индейлер жана эскимостор (Аляскада) мекендеген. 15-к-да (1492) X. Колумбдун экспедициясы Американы ачкан соң, Түн. Америкага европалыктар (Испания, Англия, Франция, Голландия, Швециядан) көчүп бара баштаган. 1587-ж. азыркы Виргиния аймагында 1-англ, колония пайда болгон. 18-к-да орустар Алясканы өздөштүрө баштаган, 18-к-дын аягында Калифорнияга испандар, 19-к-дын башында орустар отурукташкан. Колониялаштыруунун жүрүшүндө жерг. элдерди сүрүп чыгарып, аларды кыра баштаган. Англиянын үстөмдүгүнө каршы жана Түн. Американын көз каранды эместиги үчүн согушка (1775-83) көтөрүлгөн 13 түн. америкалык колония 1775-ж. күрөштө жеңишке жетишкен. 1776-ж. 4-июлда Көз каранды эместиктин Декларациясы кабыл алынган жана Америка Кошмо Штаттары түзүлгөндүгү жарыяланган. Англия 1783-ж. Версаль тынчтык келишими б-ча АКШнын көз каранды эместигин тааныды. Колониялардагы 1775-83-ж-дагы көз каранды эместик үчүн согуш Америка континентиндеги 1-бурж. рев-я катары саналган. АКШнын 1-президенти болуп, көз каранды эместик үчүн согушта америкалык аскерлердин башкы командачысы болгон Ж. Вашингтон болду. Көз каранды эместик үчүн согуштан кийин АКШнын социал., экон. өнүгүшү негизги эки багыт б-ча жүрдү: Түн.-батыш жакта өнөр жай төңкөрүшү болсо, түш. штаттарда плантациялык кулчулуктун реакциячыл системасы өкүм сүргөн. АКШ 1812-14-ж-дагы Англия Америка согушунда жеңип чыгып, көз каранды эместигин чыңдады. 1787-ж. АКШда конституция кабыл алынып, 1789-жылдан күчүнө кирген. 1803-ж. АКШ Франциядан Луизиана колониясын, 1819-ж. Испаниядан Флориданы сатып алган. АКШнын экон. жактан жогорулашы менен коңшу аймактарды күч менен кошуп алуу башталып, 1836-ж. Мексикадан Техасты, 1846-48-ж. Америка-Мексика согушунан кийин Мексиканын жарымына жакын аймагын,
АКШнын штаттары | |||
Штаттары | Аянты,миң км2 (1996) | Калкы,млн киши(2014) | Админ, борборлору |
Айдахо (Idaho) | 216 | 1,6 | Бойсе (Boise) |
Айова (Iowa) | 146 | 3,1 | Де-Мойн (Des Moines) |
Алабама (Alabama) | 133,9 | 4,9 | Монтгомери (Montgomery) |
Аляска (Alaska) | 1523 | 0,7 | Жуно (Juneau) |
Аризона (Arizona) | 295 | 6,8 | Финикс (Phoenix) |
Арканзас (Arkansas) | 138 | 3,0 | Литл-Рок (Little Rock) |
Батыш Виргиния (West Virginia) | 62,6 | 1,9 | Чарлстон (Charleston) |
Вайоминг (Wyoming) | 253,4 | 0,6 | Шайенн (Cheyenne) |
Вашингтон (Washington) | 176,5 | 7,1 | Олимпия (Olympia) |
Вермонт (Vermont) | 24,9 | 0,6 | Монтпильер (Montpelier) |
Виргиния (Virginia) | 105,2 | 8,3 | Ричмонд (Richmond) |
Висконсин (Wisconsin) | 169,6 | 5,8 | Мадисон (Madison) |
Гавайи (Hawaii) | 16,7 | 1,4 | Гонолулу (Honolulu) |
Жоржия (Georgia) | 152,6 | 10,1 | Атланта (Atlanta) |
Делавэр (Delaware) | 5,3 | 0,9 | Довер (Dover) |
Иллинойс (Illinois) | 150 | 12,9 | Спрингфилд (Springfield) |
Индиана (Indiana) | 94 | 6,6 | Индианаполис (Indianapolis) |
Калифорния (California) | 411 | 38,8 | Сакраменто (Sacramento) |
Канзас (Kansas) | 213,1 | 2,9 | Топика (Topeka) |
Кентукки (Kentucky) | 104,6 | 4,4 | Франкфорт (Frankfort) |
Колорадо (Colorado) | 270 | 5,4 | Денвер (Denver) |
Коннектикут (Connecticut) | 12,9 | 3,6 | Хартфорд (Hartford) |
Луизиана (Louisiana) | 125,6 | 4,7 | Батон-Руж (Baton Rouge) |
Массачусетс (Massachusetts) | 21,4 | 6,8 | Бостон (Boston) |
Миннесота (Minnesota) | 225,2 | 6,0 | Сент-Пол (St. Paul) |
Миссисипи (Mississippi) | 123,5 | 3,0 | Жэксон (Jackson) |
Миссури (Missouri) | 180,5 | 6,1 | Жефферсон-Сити (Jefferson Sity) |
Мичиган (Michigan) | 250,5 | 9,9 | Лансинг (Lansing) |
Монтана (Montana) | 380,8 | 1,0 | Хелина (Helena) |
Мэн (Maine) | 85,8 | 1,3 | Огаста (Augusta) |
Мэриленд (Maryland) | 27,1 | 6,0 | Аннаполис (Annapolis) |
Небраска (Nebraska) | 200,3 | 1,9 | Линкольн (Lincoln) |
Невада (Newada) | 286,4 | 2,8 | Карсон-Сити (Carson City) |
Нью-Жерси (New Jersey) | 20,2 | 9,0 | Трентон (Trenton) |
Нью-Йорк (New York) | 137,3 | 19,8 | Олбани (Albany) |
Нью-Мексико (New Mexico) | 315 | 2,1 | Санта-Фе (Santa Fe) |
Нью-Хемпшир (New Hampshire) | 24 | 1,3 | Конкорд (Concord) |
Огайо (Ohio) | 116,1 | 11,6 | Колумбус (Columbus) |
Оклахома (Oklahoma) | 181,1 | 3,9 | Оклахома-Сити (Oklahoma City) |
Орегон (Oregon) | 251,2 | 4,0 | Сейлем (Salem) |
Пенсильвания (Pennsylvania) | 118,5 | 12,8 | Харрисберг (Harrisburg) |
Род- Айленд (Rhode Island) | 3,2 | 1,1 | Провиденс (Providence) |
Түн. Дакота (North Dakota) | 183 | 0,7 | Бисмарк (Bismarck) |
Түн. Каролина (North Carolina) | 136,4 | 10,0 | Роли (Raleigh) |
Теннесси (Tennessee) | 109,2 | 6,6 | Нашвилл (Nashville) |
Техас (Texas) | 691,2 | 27,0 | Остин (Austin) |
Түш. Дакота (South Dakota) | 199,7 | 0,9 | Пирр (Pierre) |
Түш. Каролина (South Carolina) | 80,6 | 4,8 | Колумбия (Columbia) |
Флорида (Florida) | 152 | 19,9 | Таллахасси (Tallahassee) |
Юта (Utah) | 219,9 | 2,9 | Солт-Лейк-Сити (Salt Lake City) |
Колумбия (Columbia) округу(борб.) | 0,2 | 0,6 | Вашингтон (Washington) |
Чарбасы
АКШ – экономикасы өнүккөн индустриялуу-агрардык өлкө. Ички дүң продукциясында (ИДП) өнөр жайынын үлүшү 19% ти, транспорт, байланыш жана коммуналык чарба 9%ти, айыл жана токой чарбалары, балыкчылык 2,0% ти түзөт. ИДПнин көлөмү 16,724 трлн доллар (АКШ, 2013), аны киши башына
бөлүштүргөндө 49,9 миң доллардан туура келет.
ж. Канада жана Мексика менен эркин соода
жүргүзүү б-ча Түн. Америка келишимине кол коюлгандан кийин дүйнөдөгү эң ири соода блогу түзүлгөн. Өнөр жайынын башкы тармактары: машина куруу, хим., нефтини кайра иштетүү, тамак-аш – татымал, жеңил өнөр жай ишканалары. Айрыкча авиация жана ракета-космостук тех., электрондук жабдуулар (анын ичинде компьютерлер жана микросхемалар), приборлор, жаңы конструкциялык материалдар, өнөр жай тармактары жакшы өнүккөн. Өлкөнүн негизги өнөр жайлуу аймагы, б. а. «Өнөр жайлуу алкак» –Түн. Атлантика жээги менен Миссисипи д-нын аралыгы, анда АКШнын иштеп чыгаруучу өнөр жайынын 1/2нен ашыгы, анын ичинде машина куру жана металлургиянын 3/4нө жакыны, тамак-аш жана хим. өнөр жайынын 1/2нен ашыгы топтолгон. «Өнөр жайлуу алкактан» тышкары өнөр жай ишканаларынын чордондору, о. эле Тынч океан жээктеринде (авиаракета-космостук, радиоэлектроника, нефть иштетүү, тамак-аш, жыгач иштетүү), Техас, Луизиана, Флорида штаттарында (нефть ажыратуу, хим., авиаракета-космостук), Түш.-Чыгыш АКШда (Флоридасыз; текстиль, хим., электр-металлургия, жыгач иштетүү өнөр жайлары) жайгашкан. Негизги өнөр жай борборлору: Нью-Йорк, Чикаго, Лос-Анжелес, Филадельфия, Детройт, Кливленд, Хьюстон, Бостон, Сент-Луис, Милуоки,Даллас-Форт-Уэрт, Сан-Франциско. Казып алуу өнөр жайында алдынкы орунду Техас, Калифорния, Луизиана (нефть, табигый газ), Кентукки, Батыш Виргиния, Пенсильвания (таш көмүр),Миннесота (темир рудалары), Аризона, Юта,
Монтана, Айдахо, Колорадо, Миссури (түстүү меаллдар) штаттары ээлейт. 1991-ж. 8,8 млн автомобиль чыгарылып, 88,3 млн т болот, 22 млн т пластмасса жана синтетикалык чайыр өндүрүлгөн; түстүү металлдардан 1631 миң т жез, 4394 миң т алюминий, 518 миң т цинк, 466 миң т коргошун эритилип, 368 млн т нефть, 903 млн т көмүр, 529 млрд м 3 табигый газ казылып алынган. Өлкөнүн минералдык сырьёго жана отунга болгон муктаждыктарынын кыйла бөлүгүн импорт менен толуктайт. 2008-ж. 4,3 трлн кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн, анын 71,9% жылуулук электр станцияларына, 5,9% ГЭСке, 19,4% АЭСке туура келет. АКШ – дүйнөдөгү эң ири а. ч. продуктыларын иштеп чыгаруучу өлкө (калкынын 2% гана иштейт).
Жогорку деңгээлде механикалаштырылга а. ч-нда негизги продукцияны индустриялык типтеги ири жеке менчик фермалары берет.
А. ч. структурасынын (Алясканы кошпогондо) 30%ин иштетилүүчү жер, 28%ин токой, 42%тейин жайыт ж. б. түзөт. А. ч-га жарактуу жери 18,7 млн га. А. ч-нын товардык продукциясынын 47% ке жакынын дыйканчылык, 57%тен ашыгын мал чарбасы түзөт. АКШ жүгөрү, буудай, пахта, тамеки, эт, сүт даярдоо б-ча дүйнөдө алдынкы орундардын бирин ээлейт. Тоют өсүмдүктөрү, мөмө-жемиш (анын ичинде цитрустар да бар), жашылча өстүрүлөт. Буудай бардык жеринде өстүрүлөт, бирок негизги аймагы – «буудайлуу алкак» (Канаданын чегинен баштап Улуу түздүктөр аркылуу Техас штатынын борб. бөлүгүнө чейин камтыйт), жүгөрү – «жүгөрүлүү алкакта» (Айова, Иллинойс, Индиана штаттарында жана аларга чектеш жерлерде) өстүрүлөт. Пахтачылык жана тамекичилик өлкөнүн түндүгүндө жана түш.-чыгышында өнүккөн. 1992-ж. 60 млн т
буудай, 190 млн т жүгөрү, 59 млн т соя буурчагы, 3,9 млн т пахта жыйналган. Сүт багытындагы мал чарбасы негизинен өлкөнүн түн.-чыгышында, эт багытындагысы батышында жана түштүгүндө, кой чарбасы тоолуу штаттарда, үй
кушу чарбасы түш.-чыгышта өнүккөн. 1995-ж. 102,8 млн бодо мал, 59,9 млн чочко, 8,9 млн кой, 6 млрддан ашык үй кушу болгон (анын ичинде бройлерлер да бар). 1991-ж. 4,3 млн т балык кармалган.
Темир жолунун уз. 226 миң км, автомобиль жолунуку 6,5 млн км (шаар жолдору кошо).Ички суу жолу өнүккөн, айрыкча Миссисипи, Огайо д., Улуу көлдөр, Жээк каналдары кеңири пайдаланылат. Деңиз соода флотунун тоннажы 23,3 млн бр. рег.-т (1992). Негизги деңиз порттору: Нью-Йорк, Жаңы Орлеан, Хьюстон, Филадельфия, Балтимор, Бостон, Ньюпорт-Ньюс, Норфолк, Сан-Франциско, Лос-Анжелес, Сиэтл; көлдөрдөгү негизги порттор: Чикаго, Дулут,Буффало, Кливленд, Детройт, Толидо. Куур транспорту өнүккөн (жалпы уз. 300 миң кмдей).
Туризм өнүккөн (жылына чет өлкөдөн 43 млндон ашык турист келет). Туристерди кызыктырган негизги объектилери: Вашингтондо: АКШнын конгрессинин имараты – Капитолий, өлкөнүн президентинин расмий резиденциясы – Ак
үй, Ж. Вашингтондун эстелиги, АКШнын улуттук музейи, Улуттук Искусство галереясы, Учуу жана космонавтика улуттук музейи ж. б.; Нью-Йоркто: АКШнын символу – Эркиндик статуясы, Ыйык Патрик собору (19-к.), Метрополитен музейи, Нью-Йорк калк китепканасы (20-к-дын
башы), Линкольн иск-во борбору, Азыркы
иск-во музейи, С. Гуггенхейм музейи, Бродвей жана Таймссквер аянты (шаардын негизги театрлары менен) ж. б. Табигый кооз жерлери: Колорадо д-ндагы Чоң Каньон улуттук паркы, Калифорниядагы Моно көлү, Ниагара шаркыратмасы, Улуу көлдөр. Калифорния жана Флорида ш-ндагы Диснейленд эс алуу парктары, о. эле Флориданын пляжы дүйнөгө белгилүү.
Экспортко өнөр жай жабдуулары, самолёт, автомобиль, электрондук жабдуулар, аскер техникасы, химикаттар, таш көмүр, жүгөрү, соя буурчагы ж. б. чыгарат. Негизги сырткы соода шериктери: Канада, Япония, Мексика, Батыш Европа өлкөлөрү.
Маданияты.
АКШда билим берүү мамл.
жана менчик болуп бөлүнөт. Ар бир штат өзүнүн
билим берүү мыйзамдарына жана башкаруу органдарына ээ. АКШда билим берүү 6 жаштан башталып, 12 жылга созулат да, үч баскычтан турат (жөнөкөй мектеп – 6 жыл, кенже орто мектеп – 3 жыл, жогорку орто мектеп – 3 жыл).
Мектепти бүткөндөр орто билим ж-дөгү диплом
алып жогорку окуу жайларга тапшырат. Кесиптик-тех. билим берүү «Коммунити Коллежес»
базасында жүзөгө ашат. Жогорку билим алуу
көпчүлүк учурда 4 жылга (бакалавриат) созулат. Билимин улантуучулар магистратурада (1-
ж.) окуйт. Белгилүү окуу жайлары: Гарвард
(1636-ж. негизделген), Пенсильвания (1740),
Пристон (1746), Йель, Нью-Хейвен, Колумбия
(1868), Иллинойс (1867), Калифорния, Корнелл,
Чикаго ун-ттери, Масачуссетс тех. ин-ту ж. б.
Ири китепканалары: Вашингтондогу Конгресс
китепканасы, ун-ттер китепканалары, НьюЙорктогу калк китепканасы (1845), Чикаго
(1872), Бостон (1852), Лос-Анжелес (1872), Кливленддеги коомдук китепканалар ж. б. Дүйнөлүк
мааниси бар музейлери: Улуттук, космонавтика жана абада учуу (1946), улуттук иск-во галереясы, улуттук көркөм иск-во коллекциясы
(1846), Вашингтондогу улуттук портрет галереясы (1962), Нью-Йорктогу жаңы типтеги иск-во,
Нью-Йорктогу метрополитен, Бостондогу көркөм иск-во, Чикагодогу табигый-тарыхый, Виргиния штатындагы деңиз ж. б. музейлер.
АКШда басма сөз, радиоуктуруу
жана телекөрсөтүү жеке менчикте.
Биринчи гезит «Паблик Окьюренсис: Боуз Форинг энд Доместик» 1690-ж. жарык көргөн.
Бүгүнкү күндө АКШда гезиттер жалаң гана кагаз бетине түшпөстөн, электрондук булактар
аркылуу (интернет) окурмандарга берилет. Эң
көп нускалуу гезиттерге – «Юсей Тудей», «НьюЙорк Таймс», «Лос-Анжелес Таймс», «Вашингтон Пост» ж. б., эң тираждуу журналдарга -
«Молерн Мэтьюнити», «Ридерс Дижест», «ТиВи Гьюоул», «Нэйшнл Джеогрэфи» ж. б. кирет.
Компьютердик версияга ээ болгон журналдарга
«Тайм» жана «Слайте» (компьютердик магнат
Билл Гейтс негиздеген) кирет. О. эле маалымат
бюллетендери чыгып турат. Радиоуктуруулар
АКШда 1920-жылдан башталган. Азыр АКШда
коомдук 430 жана коммерциялык 1000-10000
радиостанция иш алып барат. 2-дүйнөлүк согуштан кийин телекөрсөтүү башталып, 335
коомдук көз каранды эмес телестанциялар («ЭнБи-Си», «Си-Би-Эс», «Эй-Би-Си», «Фокс», «ВиБи», «Ю-Пи-Эн» ж. б.) иштейт. Өлкө биринчилерден болуп интерактивдүү (көрүүчү каалаган
программаны каалаган убакта көрө алган) телекөрсөтүүнү жүзөгө ашырган. Ири маалымат
агентчиликтери: «Ассошиэйтед пресс» (1848)
жана «Юнайтед пресс интернэшонал» (1958).
АКШда европалыктар отурукташканга чейин
индей урууларынын оозеки жана жазма поэзиясы (миф менен жомоктор, эмгек, аскер ырлары)
гана болгон. Алгачкы адабий чыгармал а р ы пуритандык диний-моралдык мүнөздө
болгон (17-к.). Американын улуттук ад-ты көз
каранды эместик үчүн согуштун алдында (1775-
83) түптөлө баштаган. Анын калыптанышы
демократтар жана агартуучулар – Б. Франклин,
Т. Жефферсондун жана революционер-демократ
Т. Пейндин ысмы менен байланыштуу. Көз каранды эместик үчүн күрөш идеялары Ф. Френо,
Ж. Барлоу ж. б-дын поэзиясында чагылдырылган. 18-к-дын аягында негр-акындар өзүлөрүнүн
эмгектерин («Негрлердин кулчулугу», 1789;
«Отелло, эркин негр») жарата баштайт. Романтизмдин алгачкы доору 1810-30-ж-га туура келет (В. Ирвинг, У. К. Брайант, Ж. Ф. Купер).
АКШда көз каранды эместиги үчүн согуштан
кийин алар өзүлөрүнүн бурж. мамилелерге каршы экендигин жана америкалык рев-янын идеялары менен турмуш тажрыйбасынын айкалышпаганын көрсөтүшкөн. Кальвинисттик догмалардан эркин романтиктер пуритан үрп-адаттарын, коомдук начар түзүлүштөрдү сүрөттөшкөн.
20-к-дагы романтизм тарыхы өзүнүн башынан
2 этапты өткөргөн: баштапкы этапта (1810-
30-ж.) сатиралык жанрдагы жана тарыхый романдар жазылып, 2-этапта (1840-50-ж.) ад-т чеберлери филос. жана социал. иликтөөлөргө, практикалык моралга, патриархалдык жашоого
ж. б-га көңүл бурган. Бул мезгилде ад-ттын
өнүгүшүнө Г. Мелвилл («Моби Дик, кубулган
Ак кит»,1851), Н. Хоторка, Э. А. По, АКШнын
аболиционисттик ад-ттына Торо, Лонгфелло,
прозаик Р. Хилдрет, акындар Ж. Р. Лоуэлл,
Ж. Г. Уитьер, Ф. Дуглас ж. б. зор салым кошкон. Өлкөдө демокр. көз караштын граждандык согуш алдында жана согуш учурунда көтөрүлү
шү реалисттик тенденциянын ад-тта өнүгүшүнө
(Бичер-Стоу, С. О. Жуитт, Ф. Брет, Гарт ж. б.
эмгектери) өбөлгө түзгөн. Бул багыттын 19-к-дагы туу чокусу болуп Марк Твендин («Простаков
чет өлкөдө», 1869; «Бейтааныштын сырдуулугу»; «Гельберри Финдин окуялары», 1885) чыггы эсептелет. 19-к-дан 20-к-га өтмө катмарды
О. Генринин, Э. Уортондун жана У. Кэсердин чыгармалары түзгөн. Негр ад-тында көрүнүктүү ийгиликке П. Л. Данбара (1876-1906) ж. б. инсандар жетишкен. 20-к-да америкада реализм сыны
жаралат. Бул агымдын көрүнүктүү өкүлдөрү:
Ж. Лондон («Темир согончок», «Мартин Иден»
ж. б.), Т. Драйзер («Америка трагедиясы»), Э. Синклер («Жунгли») ж. б. Поэзияда Р. Фрейст,
К. Сэндберг, Э. Л. Мастерс ж. б. реалисттик мектеп иск-во чеберлери көрүнө баштайт. Ошол
учурда АКШнын ири драматургу Ю. О’Нилдин
(1868-1953) чыг-гы өркүндөй баштайт. Модерндик мектептер пайда болот. Акындар Э. Поунд,
Т. С. Элиот жана прозаик Г. Слейн Америка менен
коштошуу мазмунунда жазышкан. Согуштун
сабактары Э. Хемингуэйдин, Ж. Дос Пассоса,
Ф. С. Фицжеральд ж. б-лардын чыгармаларында чагылдырылган. Азыркы учурда коомдук карама-каршылыктар поэзияда каралып, фантастикалык, интеллектуалдык жанрдагы романдар жазылууда.
АКШнын архитектурасы өзүнүн стили
жана үрп-адаты б-ча өтө татаал мад-т. АКШда
алгачкы европалыктар келгенге чейин, америкалык жерг. арх-ралык салттар өзүнүн образы
(пуэбло, хоган, вигвам жана узун вигвам) б-ча
калыптанган. Колония болгондон тартып шаарлар курулуп, коомдук имараттар, чиркөөлөр
тургузулган. Имараттардын көбүнүн өлчөмү
жана түзүлүшү жөнөкөй болгон. Француз архитекторлору жана инженерлеринин долбоору б-ча
курулган Жаңы Орлеан ш. гана өзгөчөлөнүп турган. Турак жайлардын көбү континенттин чыгыш жээгинде курулган. Иммигранттар менен
жерг. элдин үрп-адаттарынын айкалышы түрдүү
арх-ралык стилдердин пайда болушуна өбөлгө
түзгөн. Жаңы борбор – Вашингтон ш. 1-жолу
алдын-ала пландаштыруу (Пьер Шарль Ланфон)
б-ча курула баштаган. Капитолий менен ак үй
гана байыркы рим үлгүсү б-ча курулган. 19-к-да
АКШда урбанизация процесси ургаалдуу жүргөн:
шаар кварталдары, турак жайлар дүркүрөп өсө
баштаган. Коомдо романтизм «духунун» үстөмдүгүнүн негизинде кайра жаралган симметриялуу формага жана колоннадага ээ болгон грек,
о. эле учтуу асимметриялык формадагы жалбырак орнаменттүү готика стилиндеги (Ыйык Патрик собору) арх-ралардын айкалышуусу жаңы
курулуш стилдеринин жаралышына өбөлгө
түзгөн. АКШнын түш.-батыш бөлүгүндө испандык курулуш стили үстөмдүк кылса, калган бөлүгүндө англ. «коттедж» жана итал. «вилла» ж. б.
арх-ралык курулмалар белгилүү болгон. Род-Айленд штатында белгилүү жана өтө кооз сепилдер
архитектор Р. Морристин ысмы менен байланыштуу. АКШ арх-расында чоюн, болот жана темирбетон материалдарын кеңири пайдаланып, дүйнөдө алдыга чыккан. Ага мисал, Нью-Йорк штатындагы Бруклин көпүрөсү (архитекторлору -
Ж. жана В. Роблингдер). 19-к-дын 80-ж-нан тартып АКШнын архитекторлору жана инженер-куруучулары Чикаго менен Нью-Йоркто жаңы конструкциядагы «асман тире ген» (небоскрёб) үйлөрдүн курулуштарын баштаган. Алар АКШнын
дүйнөлүк арх-рага кошкон салымы болуп, турак жай райондорун кескин өзгөрткөн. Алгачкы бийик имарат (небоскрёб – архитектору Луис
Генри Салливан) 1884-ж. Чикаго штатында курулган. АКШда 2-дүйнөлүк согуш алдьшда (1920-
ж.) европалык иммигрант-архитекторлордун
таасири астында жерг. үрп-адаттарды четке каккан бир кылка стандарттуу үйлөр курула баштаган. 1960-ж. АКШда постмодерн доору башталып (Майкл Грэйвс жана Фрэнк Генри) жаңы
материалдарды жана технологияларды колдонуп,
имараттарга кооз формаларды жана жасалгаларды берген. Имараттар канчалык бийиктеген сайын өң палитрасы, орнаменттүүлүгү жана кооздугу байкала баштаган. Бүгүнкү күндө арх-ралык долбоорлордо эски менен жаңы ыкмалар айкалышкан элементтер колдонулууда.
АКШда сүрөт өнөрү индейлердин таштарга тартылган сүрөттөрүнөн башталат. Ал
өнүгүү жолунда портреттик живописти (колония мезгили), практицизмди (17-18-к.), бурж.
рационализмге кош көңүлдүүлүктү (19-к.), реалисттик жана айкын эмес жанрды, о. эле модернизм, футуризм жана дадаизм стилдерин өткөргөн. Баштапкы мезгилде АКШда портреттик
жана диний живопись иштери күч алса, 18-к-дын
ортосунан Ж. Хесселиус, Ж. Смайберт, Р. Фин
колонисттер менен индейлердин образдарын тарта баштайт. 19-к-да У. Олстондун, Т. Коулдун,
Ж. Ф. Кенсеттин «Гудзон дарыясынын мектептери» деген темада пейзаждар тартылат. 20-к-да
АКШда европалык живопись иск-восунун чеберлеринин жана жерг. каада-салттарды эске алган ири
живописчи – реалисттер (У. Хомер, Т. Эйкинс,
Ж. Инесс ж. б.) пайда болот. Бүгүнкү күндө турмуштун көрүнүшүн чагылдырган «гиперреализм»
(«фотореализм») агымы күч алууда. АКШнын живопись иск-восуна зор салым кошкон сүрөтчүлөр:
Ж. Беллоуз, Р. Генри, Ж. Пеннелл, Ж. Марин, И. Танги, Ж. Полок, У. Зораж ж. б.
АКШнын музыкасында Түн. Америкада
жашаган индейлердин муз. фольклорунун, о. эле
Европадан келген иммигранттардын аркыл муз.
мад-тынын таасири, негрлердин муз. фолькло-рунун
салттары бар. Чыгыш Европалык иммигранттардын көбөйүшүнөн (19-к-дын аягында
20-к-дын башында) славян элдеринин фольклорунун таасири күчөй баштаган. АКШнын профессионалдык музыкасы 18-к-дын башынан
өнүгө баштайт. Америкалык алгачкы композиторлордон – Ф. Гопкинсон, У. Биллингс,
Ж. Лайон ж. б. белгилөөгө болот. Кийинчерээк
С. Форстер 200дөн ашуун лирикалык ырлары менен
элге таанымал болгон. 1883-ж. Нью-Йоркто
«Метрополитен-опера» театры ачылат; анын сахнасында италян, немец, француз ж. б. артисттер
чыккан. Америкалык композиторлор 19-к-дын
аягы 20-к-дын башында европада, көбүнчө немецтик консерваторияларда окуган. АКШнын
композиторлорунун ичинен айрым симф. жана
инструменттик чыгармалардын автору – Э. МакДоуэлл өзгөчөлөнүп турган. 20-к-дын биринчи
он жылдыгында Р. Гаррис, А. Копленд, Ж. Антей л, У. Пистон, Э. Сигмейстер ж. б. композиторлор көрүнө баштады. Джаз музыкасынын, ыр-бий фольклорунун стилдик ыкмалары «Порги жана Бесс» деген улуттук операнын автору Ж. Гершвиндин чыгармаларында өөрчүтүлдү. 1910-жылдан баштап музыканын өнүгүүсүнө джаз стили таасирин тийгизген; ал Ж. Карпентер, Л. Грюнберг ж. б-дын чыгармаларында байкалат. Джаз музыканттарынын ичинен Э. (Дюк) Эллингтон, Б. Гудмен, Л. Армстронг ж. б. белгилүү болгон. 1932-ж. Нью-Йоркто уюшулган «Композиторлор коллективи» АКШнын ошол мезгилдеги жаңы багыттагы музыка мад-тынын калыптануусунда зор роль ойногон. Композиторлор коллективине кирген музыканттар айрым опера, оратория, хор, массалык ырларды (Э. Робсон жумушчу өздүк көркөм чыг-гы үчүн «Америкалыктар үчүн баллада», «Джо Хилл жөнүндөгү ырлар» ж. б. чыгармаларды) жазган. Музыкант-аткаруучуларга – дирижёрлор: Л. Стоковский, Л. Бернстайн, Ю. Орманди, скрипкачылар: А. Спалдинг, И. Менухин, И. Стерн; ырчылар: JI. Тиббет, П. Робсон, Р. Хейс, Ж. Фаррар, М. Андерсон ж. б.; Бостон, Нью-Йорк, Филадельфия ж. б. шаарлар симф. оркестрлери менен белгилүү болгон. 1960-70-ж. АКШнын музыка дүйнөсүндө электрондук студиялар ачылып, «мультимедиа» иштери жүргүзүлгөн. Жаз музыкасы 1960-ж. АКШда негрлердин ошол учурдагы иск-вонун көз каранды эместиги үчүн кыймылы менен (Сан Ра, А. Айлер, Ч. Мингес, А. Шепп ж. б.) байланыштуу. Поп музыка,
ритм-энд-блюз (М. Уотерс, Т. Б. Уокер, Р. Чарлз
ж. б.), рок-н-ролл (1950-ж-дын 2-жарымында -
Э. Пресли, Б. Хейли ж. б.), соул пайда болгон.
Учурда АКШда кантри-рок-синтез, диско, рэп,
«техно», электрондук сэмпл музыка багыттары
өөрчүүдө. АКШнын азыркы белгилүү ырчыларына: М. Жексон, Мадонна, У. Хьюстон, М. Кери, Ж. Лопес, Б. Спирс ж. б. кирет.
АКШдагы алгачкы профессионал театр труппасы (англ. Л. Хэллам башкарган) 1751-ж. НьюЙоркто уюшулган. Америкалыктардын көз каранды эместик согушуна чейин (1775-83-ж.) Түн.
Американын театр өнөрү англичандардын таасиринде болгон. 1785-ж. Нью-Йоркто 1-америкалык профессионал театры ачылган. 18-к-дагы
алгачкы америкалык драматургдар: У. Данлап,
М. О. Уоррен, Р. Тайлер, Р. Бёрд, Д. Стоун. 19-
к-дын башында АКШнын көп шаарларында туруктуу театр труппалары уюшулат. Бул мезгилдеги белгилүү актерлор – Э. Форрест, А. Олдриж,
Ж. Жефферсон, Э. Бут. 1896-ж. Нью-Йоркто
«Театр синдикаты» уюшулган. Бул Бродвейдеги коммерциялык театрлардын башы болгон.
к-дын башында жаралган майда театрлар
элдин калың катмарын театр өнөрүнө кызыктыруу жагынан прогрессивдүү роль ойногон.
Алар ышкыбоздор театры катары пайда болсо
да, кийин көбү профессионалдык театрга айланган. 1927-ж. Ж. Лоусон түзгөн «Жаңы драматургдардын театры» АКШнын нускалуу театр
өнөрүнүн калыптанышына түрткү берген. Филадельфияда Ж. Риддин труппасы көзгө көрүнө
баштайт. 1932-ж. жумушчулар театрынын лигасы түзүлөт. 1929-33-ж. кризис учурунда театрдын саны кыскарат. 2-дүйнөлүк согуштан кийин
маккартизм саясаты иск-вонун өсүшүнө тоскоол кылат. 1944-ж. Е. М. Гальенн жана реж.
М. Уэбстер Нью-Йоркто «америкалык репертуар театрын» негиздешет. 1955-ж. Нью-Йорктун жанында туңгуч Шекспир театры пайда
болот. 60-жылдары ышкыбоздордун чала профессионал жана профессионалдык театрларынын
мааниси артат, алар «Бродвей искусствосуна»
карама-каршы чыгып, коммерциялык эмес, эстетикалык максатты көздөйт. Бул театрлар
«жылдыздар» системасын да четке кагат. Ачык
идеялык багыты жоктугунан, ал театрлар журтчулукка зор таасир тийгизе ал бай, көңүл чөктү
драматургияга кайрылат. Ошол эле убакта
«Бродвей театрларына» алдынкы тенденциялар
кире баштайт. «Менин асылзаада Ледим», «Вестсай окуясы» сыяктуу спектаклдер «мьюзкл»
жанрында коюлат. 1957-ж. Нью-Йоркто «Искусствонун линкольндук борбору» ачылат. 60-
жылдардын башында Бродвей театрлары менен
андан тышкары турган театрлар коммерциялык
негизде жакындашып, жеңил-желпи мүнөздөгү
репертуарды көбөйткөндөрү үчүн жаштардын
протестин пайда кылат. Эксперименттик, авангардцык спектаклдер пайда болот, «Бродвейден
сырткары театрлар» деген жаңы агым жаралат.
1947-жылдан баштап Нью-Йоркто «Актёрдук»
студия иштейт. 1960-ж-дын 2-жарымынан негр
театрлары күч ала баштайт «Нью Лафайет»,
«Негр ансамбли» ж. б. Бүгүнкү күндө АКШ
театрларын үч категорияга бөлүүгө болот: Бродвей жана провинция театрлары, о. эле театр исквосунун өнүгүү программалары.
АКШда кинофильмдер адегенде
1896-ж. Нью-Йоркто, анан Голливудда чыгарыла баштаган. Кино 1910-20-ж. эле жекече
көркөм каражаттары бар өз алдынча иск-вого
айланып калган. Режиссер Д. У. Гриффиг тарыхый жана психол. драма менен эпопея жанрын жаратса, Т. X. Инс «вестерн» жанрын негиздеп, М. Сеннетт «үнсүз кино» мезгилиндеги
комедия жанрын түзгөн. 20-жылдары кино
өндүрүшү борборлошуп, бир нече ири кино-компаниянын менчигине айланып, Голливуд
системасы пайда болду, ал 30-ж. андан ары
өнүктү. Кино өнөр жайынын финансы капиталы менен биригиши, киного каражаттын көп бөлүнүшү, америка киносунун дүйнөлүк рынокто алдыга чыгышы жана көп пайда түшүрүшү кинону
америкада өнөр жайдын башкы тармагына айландырды. Голливуд кино өндүрүшү «вестерн»,
салондук комедия, гангстердик фильмдер, тарыхый боевик жана жалган романтикалык драма жанрында өнүктү, буларда Р. Валентино,
М. Пикфорд, Д. Фербинкс, кийинчерээк – Г. Гарбо, Н. Ширер, К. Гейбл, Г. Купер, X. Богарт
ж. б. актёрлор тартылышкан. АКШнын турмушун сын реализм позициясынан чагылдырган
фильмдерди айрым гана реалист режиссёрлор
(Ч. Чаплин, Э. Штрогейм, К. Видор, Ж. Форд,
Ф. Капра, У. Уайлер, У. Уэллс ж. б.) жаратты. Режиссер У. Дисней мультипликация фильмине негиз салган. Экинчи дүйнөлүк согуш
(1939-45) мезгилинде америкалык кино ишмерлер Гитлерге каршы коалициянын күрөшүнө салым кошкон. Кинодокументалисттер (Ж. Форд,
У. Уайлер, Ф. Капра, П. Стерджес) айрыкча ийгиликке жетишти. Согуштан кийин, асыресе 50-
жылдарда АКШда демократчыл багыттагы кино
ишмерлер куугунтук жеди, о. эле телекөрсөтүү
пайда болду. Натыйжада америкалык кинонун
көркөмдүк деңгээли төмөндөп, кино өнөр жайында кризис башталды. 50-жылдардын орто
ченинде голливуддук система кыйрап, бир катар ири кинокомпаниялар телекөрсөтүүгө өтүп,
башкалары экран үчүн чыгарган фильмдердин
с анын кескин азайтты. АКШда банктардан же
кинопрокат компаниялардан карыз алып, өз алдынча фильм тарткан режиссёрлордун, актёрлор
менен продюссерлердин жаңы мууну пайда болду.
Ал режиссёрлор – С. Крамер, А. Пейн, С. Кабрик, С. Люмет ж. б. 60-жылдары, 70-жылдардын башында америкалык коомду сындаган реалисттик фильмдер тартылып, америка киносуна
жаңы багыт берди. 60-70-ж. реалисттик кино
иск-вонун принциптерин туткан М. Николс,
П. Богданович, Ф. Перри, Ф. Коппола, Р. Рафельсон, С. Поллак өндүү режиссёрлор иштей
баштады. Белгилүү киноактёрлор: Б. Ланкастер,
М. Брандо, П. Ньюмен, Р. Стейгер, Г. Пек,
Д. Фонда.
Учурда АКШнын киноишмерлерин Америкалык киноинституту (Беверли-Хилс) жана Калифорния ун-ти (Беркли) даярдайт. Кинонун тарыхы жана теориясы б-ча Америкалык киноархиви (Вашингтон ш.) жана жаңы иск-во музейи
(Нью-Йорк) иштерди жүргүзөт. Сан-Франциско
ш-нда жыл сайын эл аралык кинофестиваль
өтөт; Америкалык кино иск-восу жана илимий
академиясы (1927-ж. Голливудда негизделген)
жыл сайын «Оскар» сыйлыгын эң мыкты
америкалык жана чет элдик кинофильмдерге ар
түрдүү номинацияда (мыкты актёр ж. б.) ыйгарып турат. Бүгүнкү күндө белгилүү кино актёрлор – Аль-Пачино, Р. Гир, А. Шварценеггер,
С. Сталлоне, Э. Мерфи, Ш. Коннори, Ж. Робертс,
С. Сигал, Д. Лунгрен, Ч. Норрис, Л. ди-Каприо
ж. б.
Ад.: Игнатьев Г. М., Северная Америка. Физическая география, М., 1965; История США, т.1-
4, М., 1984-85; Новая история. М., 1983; Соловьева
М. Г., Соединенные Штаты Америки, М., 1974; США:
сфера услуг в экономике, М., 1971; Чегодаев А. Д.,
Искусство Соединённых Штатов Америки. 1675-1975.
Живопись. Архитектура. Скульптура. Графика, М.,
1976; Конен В., Пути американской музыки. Очерки
по истории музыкальной культуры США, 2 изд., М.,
1965; Теплиц Е., Кино и телевидение в США, пер.
польск., М., 1966; Бурстин Д. Американцы. В. Зт. Т.
Колониальный опыт; Т. 2. Национальный опыт;
Демократический опыт. М., 1993-1994; Согрин В. В.
Политическая история США. М., 2001; История
США., 1985.
Ө. Бараталиев, А. Орозов, Б. Үсөнканов, Ш. Керимова.