АЛТАЙЛЫКТАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:31, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (4), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (7), а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

(өздөрүн алтай-кижи деп аташат) – 1) эл, Алтай Республикасынын (Россия Федерациясы) жерг. калкы. Алтай крайында(69, 876), Кемерово (3357), Новосибирск (472) обл-нда, о. эле Казакстан, Өзбекстан ж. б. жерлерде да жашашат. Жалпы саны 80, 800, анын ичинде Россияда (79 773) киши (2010). Мурда Тоолуу Алтай жана Кузнецк Ала-Тоосунда жашаган, алтай тилинде сүйлөгөн түрк тилдүү урууларды жалпысынан А. деп аташкан. Дини – христианчылык, о. эле шаманизмди туткандар да, баптисттер да бар. 2) Түш. Сибирдин батышында жашаган

элдердин тобу. А. түн.жана түш. деп эки этногр. топко бөлүнөт. Түн. А. – самодий, кет, угор жана уйгур, кымак-кыпчак, енисейлик кыргыздар, огуз ж. б. байыркы түрк урууларынын негизинде калыптанышкан. Түш. А. теле, тугю(тюкю) көчмөн түрк урууларынын, Түрк (552–745-ж.), Уйгур (745–840-ж.), Кыргыз (8–13-к.)
кагандыктарынын жана Алтайга келген монгол урууларынын (13, 15, 18-к.) эсебинен түзүлгөн. 1922-ж. Тоолуу-Алтай автономиялык обл.(1948-ж. чейин Ойрот автономиялык обл. деп аталган), 1991-ж. Тоолуу-Алтай Республикасы, 1992-жылдан Алтай Республикасы болуп түзүлгөн. А. мал чарбачылык, дыйканчылык, балык
уулоо, аңчылык жана жыйноочулук менен кесиптенишип, боз үй жана жумуру карагай менен салынган үйлөрдө жашаган. Кендирден токулган узун көйнөк, ыштан, чекмень (чепкен), тон кийишкен. Тамак-ашы негизинен эт, сүт азыктарынан (айран, кымыз, май, курут, быштак ж. б.) даярдалат. Кыргыз элинин этностук жактан калыптанышы А. менен тыгыз байланыштуу. Этностук жакындыктар А. менен кыргыздардын
АЛТАЙЛЫКТАР 3.png

байыркы мезгилдерден берки байланышынын натыйжасы. Эки элдин тилинде, турмуш-тиричилигинде, чарбачылыгында жана каада-салттарында өтө көп окшоштуктар бар. Мис., ага, ини, эже, кайни, жээн, куда, кудагый, сеп, энчи, тай, кунан, асый, жылкы ж. б. сөздөр айтылышы, мааниси жагынан бирдей эле түшүнүктү берет.