АЛАУДИН ЭГИРИН-ДИОПСИД КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:57, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛАУДИН ЭГИРИНЗ-ДИОПСИД КЕНИ Баткен обл-нун Кадамжай р-нунда, Айдаркен шаарынан 15 км аралыкта. 1982-ж. табылган. Алаудин сайынын башатында. Мореналык катмардын арасында пироксениттин жумуру жана келки таштарында тунук ачык жашыл түстөгү эгирин-диопсид минералдарынын уя сымал топтолуштары кездешет. Алардын туура кесилиш өлчөмү 2‒12 ммден 30 ммге чейин. Эгирин-диопсид зер буюмдарды жасоого жарактуу.