АКТИНОМЕТРИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:47, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (4), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (9)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

[АКТИНОМЕ́ТРИЯ]

(актино... жана метр) ‒ метеорологиянын атм-да, гидросферада жана жер бетинде күн радиациясынын таралышын, өзгөрүлүшүн изилдөөчү бөлүмү. Түз чачыраган, чагылышкан жана кыска (0,3‒4 мкм), узун толкундуу күн нурлары (уз. 4‒100 мкм) менен атм-дагы радиация балансын сан жана сапат жагынан изилдөө, атм-да, гидросферада жана жер бетин

деги күн энергиясынын өзгөрүүлөрүн өлчөө ыкмаларын иштеп чыгуу жана керектүү приборлорду жасоо ‒ А-нын негизги милдети. А. атмосфералык оптика жана спектроскопия менен тыгыз байланыштуу. О. эле гелиофизика, атмененын бийик жана жерге жакын катмарын изилдөө физикасы менен жалпы жактары бар. А. б-ча жүргүзүлгөн эксперименттик, теор. иштердин жыйынтыктары климатологияда, а. ч-да жана өнөр жайда, медицинада, арх-рада, транспортто, аэрологияда ж. б. пайдаланылат.
Ад.: Янишевский Ю. Д. Актинометрические приборы и методы наблюдений. Л., 1957; Кондратьев К. Я. Актинометрия. Л., 1965; Русин Н. П. Прикладная актинометрия. Л., 1979.