АКТИНИЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:46, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (4), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКТИНИЙ(лат. Actinium, гр. aktis ‒ нур), Ас ‒ элементтердин мезгилдик системасынын III тобунан орун алган радиоактивдүү элемент, ат. н. 89. А-дин туруктуу изотобу жок, радиоактивдүү 10 изотобу (масса сандары 221‒230) белгилүү. Бир кыйла туруктуу изотобу 227 Ас. А-ди 1899-ж. фр. химик А. Дебьерн ачкан. Күмүш сымал агыш металл; б. эрүү t 1050±50°С, кайноо t 3300°С, реакцияга тез кирет, абада окистенет, галогендер жана суутек менен оӊой реакцияланат; туз, азот к-таларында жакшы эрийт. Хим. бирикмелерде үч валенттүү; туздары ак, эритмеси түссүз. А. гидроксиди Ас(ОН)3 лантан гироксидине La(OH)3 караганда негиздик касиетке көбүрөөк ээ. Радий 226Ra изотобун нейтрондор менен ядролук реактордо нурлантууда пайда болот да, экстракция жолу менен бөлүнүп алынат, үч фтордуу А-ди литийдин буусу менен калыбына келтирүүдөн да алууга болот. Ил.-из. иштеринде колдонулат.