АКИМ
АКИМ (ар. – хаким – диний жана коомдук иштерди башкаруучу) – 1) бийлөөчү; атайын дайындалган же шайланган эл башкаруучу. Кыргыздар Кокон хандыгына баш ийип турган мезгилде адм. аймактардын башында А. турган. Алар берилген укуктарына жараша кушбег, бек, датка атактарын алышкан да, жалпысынан эл арасында А. аталган. Кырг‑н эли Россиянин курамына кошулгандан кийинки мезгилде да уезд башчысына ж. б. бийлөөчүлөргө карата айтыла берген, бирок мурунку маанисин жоготуп, кийинчерээк колдонулбай калган; 2) райондук мамл. адм. башчысы. Анын укуктук негиздери КРдин «Жергиликтүү өзүн‑өзү башкаруу жана жергиликтүү администрациясы жөнүндө» мыйзамында бекитилген. А. жерг. кеңештин макулдугу жана премьер‑министрдин сунушу менен КРдин Президенти тарабынан төрт жылдык мөөнөткө дайындалат. Президенттин буйругу менен бошотулат. А. эки мөөнөттөн ашык бир райондо кызмат ээлей албайт. КРдин Президентине, Премьер‑министрине жана обл. адм. башчысына баш ийет. Ал жерг. адмененын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөйт жана жыйынтыктары үчүн жооп берет, алардын жетекчилерин ээлеген кызматынан алууга жана дайындоого макулдугун берет. Жылына бир жолудан кем эмес, райондук кеңешке иштин абалы ж‑дө билдирүү жасайт: социал.-экон. өнүгүү жана элди социал. жактан коргоо б‑ча программанын, бюджеттин аткарылышы б‑ча отчёт берет жана райондук кеңешке бюджеттин долбоорун бекитүүгө сунуш кылат.
К. А. Исмаилова.