АКАДЕМИЯЛЫК КАЙЫКТА СҮЗҮҮ
АКАДЕМИЯЛЫК КАЙЫКТЫ СҮЗҮҮ – кайык спортунун бир түрү; спорттук атайын кайыкта жарышуу. Жарышуу үчүн – скиф, үйрөнүү үчүн клинкер тибинде жасалган кайыктар колдонулат. Академиялык кайык эки калак менен айдалуучу, 1, 2, 4 кишилик жана бир калак менен айдалуучу 2, 4, 8 кишилик болуп бөлүнөт. Кайыктардын түзүлүшү, формасы жана көлөмү ар кандай болушу мүмкүн, бирок ар бир кайыктын учу (мурду) 4 см ак түстөгү резина шары менен жабдылат. А. к. с. спорту 19‑к‑дын 1‑жарымында Улуу Британияда пайда болгон. Эл аралык федерациясы 1892‑ж. уюшулган. 1900‑ж. олимпиадалык оюндардын, 1962‑ж. дүйнөлүк чемпионаттын программасына кирген. Кыргызстанда А. к. с. б‑ча А. Водоватов дүйнөнүн 2 жолку чемпиону. Мелдештер Чүй каналында жана Ысык-Көлдө өткөрүлөт.