АК КУНАС

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:18, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (2), ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК КУНАС (Ciconia) – кунастар уруусундагы куш. Бийикт. 1 жге жакын. Түсү ак, кара ала, тумшугу менен буту кызыл. Фергана жана Чүй өрөө­нүнүн талааларында, саздак жерлерде сейрек жолугат. Уясын ири дарактарга салып, бир жыл­да бир жолу 2‑5 жумуртка тууп, балапандарын ба­сып чыгарат. Ба­ка, балык, чыч­кан, кескелдирик жана курт‑кумурс­калар менен азыкта­нат. Бул куш мын­дан көп жыл му­рун Борб. Азияда кеңири таралган. Азыркы учурда бардык жерде азаюуда. Анын кескин азайып кетишине саздардын кургаты­лышы, дың жерлерди бузуп, айдалышы себеп.

АК КУНАС45.png

1952‑жылдан Кыргызстанда А. к‑ты кармоого тыюу салынган. 1975‑ж. Кыргызстандын Кызыл ки­тебине катталган.