АЗЫК-ТҮЛҮК КООПСУЗДУК САЯСАТЫ
АЗЫК_ТҮЛҮК КООПСУЗДУК САЯСАТЫ – калкты азык‑түлүктүн бардык түрү менен туруктуу камсыз кылууга багытталган экон.-уюштуруучулук, технол. жана социал. иш‑чараларды камтыган мамл. башкы маселелердин бири. 1996‑ж. 17‑ноябрда кабыл алынган Рим декларациясына ылайык Кырг‑н дүйнөлүк коомдоштуктун мүчөсү катары өзүнө «жакырчылыкты, теңсиздикти жоюуга, бардык мезгилде жетишерлик диеталык толук баалуу азык‑түлүккө физ. жана экон. жактан ээ болуу жана аны пайдалана алууну камсыз кылууга багытталган саясат жүргүзүү» милдеттенмесин алган. А.-т. к. с. рынокто тамак‑аш азыктарынын болушун, тамак‑аш азыктары менен туруктуу камсыздоону, алардын коопсуз жана алгылыктуу сапатын, калктын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу өлкөнүн ар бир тургунунун тамак‑аш азыктары менен камсыз болушун көздөйт.