АКУНОВА Айнура Рысбековна

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:13, 20 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКУНОВА Айнура Рысбековна (15. 9. 1973, Нарын ш.) – педагог. Кыргыз тилин окутуу жана иликтөө б-ча адис. Педагогика илимд. доктору (...). Нарын педагогикалык окуу жайынын башталгыч мектептин мугалими адистигин (1988–1992), Ж. Баласагын атн. КМУУнун кыргыз филологиясы факультетин (1992–96), Кыргыз тилин окутуунун методикасы багытындагы КМУУнун магистратурасын (1996–98), И. Арабаев атн. КМУнун аспирантурасын аяктаган (2002–2006). И. Арабаев атн. КМПУнун филология факультетинде Кыргыз тили жана аны окутуунун методикасы кафедрасынын лаборанты (1998–2000), ошол эле жерде Сырттан окуу ин-тунда Гуманитардык билимдер кафедрасынын окутуучусу (2000–2002), И. Арабаев атн. Педагогика ин-тунун Башталгыч мектебинде кыргыз, орус тилдерин окутуунун технологиясы кафедрасынын улук окутуучусу (2002–2008), 2009-жылдан доценттин милдетин аткаруучу, 2010-жылдан ошол эле жерде декандын орун басары, окуу иштери б-ча координатор. Эмг.: 11-класста фразеологияны окутуунун методикасы (Орто мектептердин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери жана студенттер үчүн). – Б., 2004; Кыргыз фразеологиясын ЖОЖдо окутуунун методикасы (ЖОЖдун окутуучулары жана студенттери үчүн). – Б., 2008.