АНАДОЛУ БӨКСӨ ТООСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:49, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНАДОЛУ БӨКСӨ ТООСУ (Анатоо, Анато-лия (гр. Анатоле – «чыгыш») – Кичи Азия бөксө тоосунун ички бөлүгү, Түркияда. Түштүгүндө Тавр, түндүгүндө Понт тоолору менен чектешет. Негизинен чөкмө тоо тектерден турат; кийинки жанар тоо аракетинин издери бар. Бир катар туюк өрөөндөрдү анча бийик эмес токол тоолор бөлүп турат. Басымдуу бийикт. 800– 1500 м, эң бийик жери 3916 м (Эржияс жанар тоосу). Шор жерлер жана туздуу көлдөр (Туз ж. б.) бар. Жарым чөл, талаа (тоолордо) өсүмдүктөрү өсөт. Оазис дыйканчылыгы өнүккөн, мал асыралат.т.