БАДЫРАК
Jump to navigation
Jump to search
‒ буудай, буурчак, жүгөрү, арпа, нокоттун барсайтып, жарылта куурулган даны. Аталган дандардан Б. даярдоодо ар бирине өзүнчө ыкма колдонулуп, казанга атайын куургуч менен кууруйт. Жүгөрү Б-ты таза, ирирээк кумга аралаштырып кууруса, күйбөй, көлөмү чоӊоюп, ак баржак болуп жарылат. Буудай менен арпа Б-ты өзүн эле кууруйт (арпаны сокуга күйшөп, кабыгынан ажыратып, түктөп алат). Буурчак менен нокотту адегенде сууга көптүрөт. Кууруган учурда куургуч гана баткандай казандын оозун калкалап, куурубаса дан тарсылдап сыртка ыргыйт. Б-ты көбүнчө балдарга кууруп беришкен. Азыр жүгөрүнү атайы аппаратта куурулуп, поп-корн деп аталат. Б. жасашат.
И. Молдобаев.