БАБКИН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:08, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

Михаил Николаевич (22. 1. 1922, Воронеж обл., Аннинский р-ну, Старая Тайга кыш. ‒ 8. 12. 1959) ‒ учкуч, авиациянын майору, Сов. Союз. Баатыры (1945). 1941-ж. Көк-Жаӊгак ш-нан аскерге чакырылып, 1943-ж. Чкалов аскердик авиация мектебин бүтүргөн. Улуу Ата Мекендик согушта 1943-ж. июлдан штурмалоочу Кызыл Туулуу Волковыск 198-авиация полкунун курамында Беларуссияны бошотууга катышып, Польша жана Чыгыш Пруссия аймактарын да салгылашкан.

БАБКИН97.png

Бул салгылашууларда 145 жолу согуштук учуу жасап, душмандын 85 автомашинасын, 8 самолётун, 5 зениттик жана согуштук артиллериясын, о. эле күйүүчү май, ок-дары сакталган складдарын талкалап, керектен чыгарган. Согуштан кийин Сов. Армиянын катарында кызмат өтөөнү улантып, аскердик кызмат учурунда авиац. катастрофадан курман болгон. Анын ысмы Жалал-Абад ш-ндагы мектепке жана көчөгө ыйгарылган. Эки Ленин, төрт Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз ордендери жана медалдар менен сыйланган.