БААЛУУЛУК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:07, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (7)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

‒ адам, социалдык топ жана жалпысынан алганда коом үчүн айлана-чөйрөдөгү объектинин (жаратылыш коомдук турмуштун кубулуштарында кездешүүчү жакшылык жана карасанатайлык, сылыктык жана оройлук, сулуулук жана көрксүздүк ж. б.) оӊ жана терс мааниси. Үстүртөн караганда Б. буюмдун же көрүнүштүн өз касиети сыяктуу сезилет, чындыгын да ал касиет жаратылыштын өзүндө, объекти лердин ички структурасында эмес, ал адамзат тын иш аракеттеринин чөйрөсүнө, алардын кызыкчылыктарына, социалдык мамилелерине гана таандык. Адам коомдун турмушуна, тагдырына, өлкөнүн келечегине таасири тие турган жаратылыштын жана социалдык турмуштун көрүнүштөрүнө баа бере албай коё албайт. Анын төмөндөгүдөй түрлөрү бар: материалдык, коомдук-саясий жана рухий Б-тар бар.