АҢЧЫ ЭЛДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:06, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

– аң уулоону кесип (чарба) кылып күн көргөн элдердин аталышы. Мындай чарбачылык алгач Африканын тропик токойлорунда, Түш.-Чыгыш Азияда, Түш. Америкада пайда болуп, айрым жерлерде азыр да бар. А. э. жашоо шарты ыңгайсыз, цивилизация дүйнөсүнө кызыкчылык туудурбаган жерлерде сакталып калган. Алар бүгүнкү күндө негизи­нен чөлдөрдө (түш.-батыш Африкадагы бушмендер); Арктикалык мейкиндиктерди (арктикалык инуиттер); тропик токойлорун (Африкадагы пигмейлер) мекендешип, чөп-чардан, бак-дарактын бутактарынан, кабыктарынан жасалган алачыктарда жашашат. Алар общиналык-уруучулук түзүлүштө жашап, жапайы айбандарга аңчылык кылып, балык кармап, өсүмдүктөрдүн азыкка жарамдуу тамырларын чогултуп күн көрүшөт. Алардын негизги колдонгон куралдары: союл, таяк, найза, жаа, жебе, тор, тузак ж. б. Саны жагынан 30–100дөй адамды бирик­тирген анча чоң эмес топтордон турат. Өкмөт, бийлик структурасы жана аскердик уюму жок, уруудагы чыр-чатактарды уруу башчысы эле чечет.