АШУРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:03, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

‒ 1) алгач Мухаммед тарабынан иудейлерден кабыл алган 10-мухаррам (мусулман календарынын 1-айы) күнүндө орозо тутуу; кийин рамазан айында сөзсүз түрдө орозо тутуу киргизилгенден кийин А-да орозо тутуу ар кимдин өз эрки болуп калган. 2) Шиит имамы ал-Хусейин ибн Алинин эскерип аза күтүү күнү. Бул күнү, б. а. 680-ж. 10-октябрда (хижранын 61-ж-нын 10-мухаррамасында) Кербелдин алдындагы салгылашууда имам ал-Хусейин, анын бир тууганы Аббас жана 70 жөкөрү кыйнап өлтүрүлгөн. Жыл сайын эскерүү иретинде Иран жана Иракта мечит, медреселерде, жыйындарда ал-Хусейин жана анын курман болгон жакында ры тууралуу баяндар окулуп, көчөлөрдө жүрүштөр (катышуучуларынын айрымдары өздөрүн ургулап, денесине залакат келтиришет) өткөрүлөт. Сунниттер бул аза күтүү күнүн шииттерден айырмаланып, тынч өткөрүшкөн.