БАЗАРКУЛОВ Мукаш
Мукаш (5. 6. 1935-ж. т., Нарын обл., Ак-Талаа р-ну, Саз айылы) ‒ педагог. КРнын эл мугалими (2005). Мугалимдердин эки жылдык ин-тун (1955), КМУнун филология ф-тин бүтүргөн (1962). 1955‒57-ж. Ак-Талаа р-нундагы «Жаӊы-Тилек», «Саз» жети жылдык мектептеринде мугалим болуп иштеген. 1965-
ж. чейин Тогуз- Торо р-нундагы орто мектепте мугалим, Ак-Талаа р-ндук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, Кырг-н Компартиясынын Ак-Талаа райкомунун уюштуруу бөлүмүнүн
башчысы (1965‒68), 1970-ж. КП БКнын инспектору, 1971‒79-ж. партиянын Талас райкомунун экинчи жана биринчи секретары, 1979-жылдан 1991-жылга чейин Билим берүү министри болгон. 1991-жылдан Чүй обл. билим берүү башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенет. Кыргыз ССР Жо
горку Советине депутат болуп шайланган. Эмгек Кызыл Туу ордени (1973) жана медалдар менен сыйланган.