БАЕТОВ кыштагы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:10, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БАЕТОВ (1930‒1981-ж. Д ө р б ө л ж ү н) ‒ Нарын обл-ндагы кыштак. Ак-Талаа р-нун жана Баетов айыл аймагынын борбору. Терек-Суу суусунун сол өйүзүндө, деӊиз деӊг. 2020 м бийиктикте жайгашкан. Облустун борбору Нарын ш-нан 120 км батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 310 км. 1928-ж. орун алган. Калкы 7479 (2009). Кыштакта темир-бетон буюмдар, сүт, нан з-ддору иштейт. Эки орто мектеп, кесиптик-тех. окуу жайы, китепкана, АТС, дарыкана, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, борборлоштурулган оорукана, 2 мончо, клуб, кинотеатр, мад-т үйү, көптөгөн соода уюмдары бар. КРдин эл арт. Муса Баетовдун ысмынан аталган.