Азимут
Jump to navigation
Jump to search
(ар. ас‑сумут – жол, багыт) – байкоо чекитинин меридиан тегиздиги менен ошол чекит жана байкалып жаткан пункт аркылуу өткөн тик тегиздиктин аралыгындагы бурч (к. сүрөт). Эгер ал геогр. меридиандан эсептел-
се – чыныгы же астр., ал эми магниттик меридиандан эсептелсе, магниттик азимут деп аталат. А. саат жебесинин айлануу багыты б‑ча 0°тан 360°ка чейин (астрономияда түштүктөн батышка, геодезияда түндүктөн чыгышка карай) эсептелет. А. бурч өлчөгүч аспаптар (теодолит, компас ж. б.) менен өлчөнөт.