АТМОСФЕРАЛЫК ЭЛЕКТР
АТМОСФЕРАЛЫК ЭЛЕКТР‒ 1) атмосферадагы электр кубулуштары менен процесстеринин жыйындысы; 2) атмосфера физикасынын атм-дагы электр кубулуштары менен касиеттерин изилдөөчү бөлүгү. А. э. атм-дагы электр талаасын, молекулалардын иондошуусун, өткөргүчтүгүн, андагы электр тогун, көлөмдүк заряддарды, булуттар менен жаан-чачын заряддарын, чагылганды ж. б. кубулуштарды изилдейт. А т м о с ф е р а д а г ы э л е к т р т а л а а с ы. Аны тропосферадагы булут, жаан-чачын, туман, чаӊ ж. б. электр менен заряддалып пайда кылат. Жер терс (өлчөмү 3.105к), атм. жалпысынан оӊ заряддалган. Бирок жаан-чачында, бороондо, айрыкча чагылгандуу жаанда электр талаасынын чыӊалуу багыты жана чоӊдугу кескин өзгөрүлүп, кээде 1000 В/мге жетет. Электр талаасынын чыӊалуусу ортонку кеӊдикте жогорку деӊгээлде болуп, Түн., Түш. уюлдарда төмөндөп, убакытка карата өзгөрүп турат. А т м о с ф е р а н ы н э л е к т р ө т к ө р г ү ч т ү ү л ү г ү. Ал атмосферанын электрдик абалы, анын электр тогун өткөрүшүнө байланыштуу. Ал атм-да иондордун, б. а. заряддуу бөлүкчөлөрдүн болушу жана алардын кыймылы менен түшүндүрүлөт. Абанын электр өткөргүчтүүлүгүн атм-дагы бардык эле иондор пайда кылат, бирок оор иондордун кыймылы жеӊилдерине караганда бир канча эсе жай болгондуктан, алардын өткөргүчтүгү начар болот. Аба канчалык таза болсо, же деӊиз деӊгээлинен канчалык бийик турса, электр тогун ошончолук жакшы өткөзөт. Анткени мында иондор көбөйүп, алардын кыймылдоосу артат. Атмененын электр өткөргүчтүүлүгү өтө кичине, аны жакшы изолятор өткөргүчтүүлүгү менен салыштырууга болот. Жер үстүндөгү абанын электр өткөргүчтүүлүгүнүн орт. мааниси 2.10‒14 сим/м. Космостук нурлар, радиоактивдүү заттардын нурлануусу, Күндүн ультра-кызгылт көк жана корпускулярдык нуру ‒ атмененын негизги иондоштургучтары. Электр талаасынын чыӊалуусунан иондор козголуп, атм-да төмөн карай тик багытталган электр тогу пайда болот. Бүткүл жер бети б-ча анын өлчөмү 1800 Аге жетет. Бир чагылгандуу булуттан Жерге түшкөн токтун күчү орто кеӊдиктерде 0,01‒0,1 А, экваторго жакын аймактарда 0,5‒1 Аге чейин болот. Булуттардын өзүндөгү токтун күчү Жерге өткөн токтун күчүнөн 10‒100 эсе чоӊ. Жер шарында бир эле мезгилде 1800гө жакын чагылган болуп, андагы токтун күчүнүн жалпы суммасы 1000 Аге чейин жетет.
Ад.: Тверской П. Н. Атмосферное электричество. Л., 1949.