АТ-ЖАЙЛОО МӨҢГҮСҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:48, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

‒ Чоӊ Алай кырка тоосунун түн. капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөӊгү. Кызыл-Агын суусунун (Кызыл-Суу нун сол куймасы) алабында. Уз. 7,1 км, аянты 17,6 км2. Абляциясынын аянты 2,4 км2. Мөӊгүнүн башы деӊиз деӊг. 6080 м, этеги 4100 м бийиктикте жатат. Куралуу облусу ‒ Ленин атн. чокунун түндүктү караган тик капталдуу этеги. «Тилинин» учу (3,6 км2дей жери) морена менен капталган. Мөӊгүдөн Кызыл-Суунун негизги курамынын бири башталат.