АТАЙЫН ОРТО ОКУУ ЖАЙЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:49, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

‒ кесиптик орто билимдүү адистерди даярдоочу окуу жай. Ал Кырг-нда КРдин «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын, КРдин Президентинин указдары менен Өкмөт токтомдорунун ж. б. укуктук актылар дын негизинде иш жүргүзөт. Тогуз жылдык билими барлар 3‒4 жыл, орто мектепти бүтүргөндөр 2‒3 жыл окуйт. Негизги милдеттери: инсандын интеллектуалдык, маданий жана адеп-ахлактык жактан жетилүүсүн атайын кесиптик орто билим берүү аркылуу камсыз кылуу; коомдун атайын орто билимдүү кадрларга болгон керектөөлөрүн канааттандыруу. Окуу жайларынын төмөндөгүдөй түрлөрү бар: техникум, кесиптик орто билим берүү жана колледждер (базалык жана күчөтүлгөн деӊгээлдеги программа лардын негизинде кесиптик орто билимдүү адистерди даярдайт). А. о. о. ж-лары жалпы орто, баштапкы, кесиптик билим берүү программалары б-ча да адистикке окутат. Окуу күндүзгү, кечки, сырттан окуу жана экстерндик формаларда жүргүзүлөт. Окуу сабактары: лекция, семинар, практикалык сабак, лабор. иш, текшерүү жумуштары, консультация, өндүрүштүк практика жана кесипке жараша дипломдук иштерди аткаруу формасында ишке ашырылат. Бүтүрүүчүлөргө атайын кесиптик орто билим алгандыгы тууралуу адистик ыйгарылат.