ИМАНКУЛОВ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:36, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата new2022_2vol>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
Марат Муканович (10. 3. 1960-ж., Чүй обл., Чүй р-ну, Он бир жылга айылы) – генерал-лейтенант (2021). Москва полиграфиялык ин-тун (1982), Мамлекеттик коопсуздук к-тинин Москвадагы Жогорку курсун (1987). Ташкенттеги Жогорку курсун (1991) бүтүргөн. 1982–86-ж. КРдин Улуттук коопсуздук органдарында оперативдүү ж-а жетекчилик кызматтарды ээлеген. 1998-ж. КР Улуттук коопсуздук кеңешинин төрагасынын жардамчысы, 1998–2001-ж. КР Улуттук коопсуздук кызматынын Нарын, 2001–02-ж. Ош, 2002–05-ж. Жалал-Абад обл. б-ча башкармалыктарынын начальниги, 2005–07-ж. КР Улуттук коопсуздук комитетинин Терроризмге каршы күрөшүү башкармалыгынын начальниги, 2007–10-ж. КМШга мүчө-мамлекеттердин Антитеррордук борборунун жетекчисинин орун басары, 2010-жылдан КРдин Коопсуздук кеңешинин катчысы, 2011-ж. Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - УКМКнын алдындагы Антитеррордук борбордун директору, 2021-жылдан КРдин Коопсуздук кеңешинин катчысы.