БААЛУУЛУК
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
‒ адам, социалдык топ ж-а жалпысынан алганда коом үчүн айлана-чөйрөдөгү объектинин (жаратылыш коомдук турмуштун кубулуштарында кездешүүчү жакшылык ж-а карасанатайлык, сылыктык ж-а оройлук, сулуулук ж-а көрксүздүк ж. б.) оӊ ж-а терс мааниси. Үстүртөн караганда Б. буюмдун же көрүнүштүн өз касиети сыяктуу сезилет, чындыгын да ал касиет жаратылыштын өзүндө, объекти лердин ички структурасында эмес, ал адамзат тын иш аракеттеринин чөйрөсүнө, алардын кызыкчылыктарына, социалдык мамилелерине гана таандык. Адам коомдун турмушуна, тагдырына, өлкөнүн келечегине таасири тие турган жаратылыштын ж-а социалдык турмуштун көрүнүштөрүнө баа бере албай коё албайт. Анын төмөндөгүдөй түрлөрү бар: материалдык, коомдук-саясий ж-а рухий Б-тар бар.