АЯК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:10, 10 Март (Жалган куран) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
к е с е ‒ атайын кырма аспап м-н оюлуп жасалган жыгач идиш. Арча, жаӊгак, тал, терек, катыраӊ, кайыӊ, кара жыгач ж. б. жасалат. Анын оймо-чиймеленип, сырдалып кооздолгонун ‒ сыр А., жөн жасалганын ‒ кара А., саптуу жасалганын ‒ жан А. деп аташат. А-ты жөнөкөй түзүлүштөгү чот, ийди, кырма деген аспаптар м-н кырмачылар жасашат. Ал чоӊ, кичине, жайпак болот. Чоӊ А-тын диаметри 20 смге чейин жеткен. Өтө кичинекейин ч ө й ч ө к дешкен. 
АЯК87.png

Азыркы учурда мындай идиштер сейрек кездешет.