АШУРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:32, 10 Март (Жалган куран) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 ‒ 1) алгач Мухаммед тарабынан иудейлерден кабыл алган 10-мухаррам (мусулман календарынын 1-айы) күнүндө орозо тутуу; кийин рамазан айында сөзсүз түрдө орозо тутуу киргизилгенден кийин А-да орозо тутуу ар кимдин өз эрки болуп калган. 2) Шиит имамы ал-Хусейин ибн Алинин эскерип аза күтүү күнү. Бул күнү, б. а. 680-ж. 10-октябрда (хижранын 61-ж-нын 10-мухаррамасында) Кербелдин алдындагы салгылашууда имам ал-Хусейин, анын бир тууганы Аббас ж-а 70 жөкөрү кыйнап өлтүрүлгөн. Жыл сайын эскерүү иретинде Иран ж-а Иракта мечит, медреселерде, жыйындарда ал-Хусейин ж-а анын курман болгон жакында ры тууралуу баяндар окулуп, көчөлөрдө жүрүштөр (катышуучуларынын айрымдары өздөрүн ургулап, денесине залакат келтиришет) өткөрүлөт. Сунниттер бул аза күтүү күнүн шииттерден айырмаланып, тынч өткөрүшкөн.