АТААНДАШТЫК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
‒ товар өндүрүүчүнүн өз кызыкчылыгын канааттандыруу, товардын сапатын жакшыртуу, көп пайда табуу максатын көздөгөн экон. эрегишүүсү. А. рынок экономи касы шарттай турган объективдүү мыйзамче немдүүлүк болуп саналат. Ал эмгек өндүрүмдүү лүгүн жогорулатуу, өндүрүш чыгымдарын азайтуу, ил.-тех. прогрессти, экономикадагы уюштуруучулукту, структуралык өзгөрүүлөрдү ыкчамдатуу, жаӊы техниканы ж-а алдынкы технологияны, жогорку квалификациядагы кадрларды пайдаланууну, о. эле экон. субъекттер дин өндүрүмдүү аракеттенүүсүнө зор көмөк көрсөтүүнү, рынок мамилесинде үстөмдүк кылууну шарттайт. Ал эркин, олигополиялык, буюмдук, функциялык, нарктык ж-а нарктык эмес болуп айырмаланат. Э р к и н А. ‒ товар өндүрүүчү м-н керектөөчүнүн базар маалыматтары б-ча олуттуу иш-аракеттери. О л и г о п о л и я л ы к А. ‒ базардын кыйла бөлүгүн ээлөө максатында ири субъекттердин эрегиши. Б у ю м д у к А. ‒ товар өндүрүүчүлөрдүн окшош, бирок кайсы бир сапаты жакшы товар өндүрүшү. Ф у н к- ц и я л ы к А. ‒ керектөөчүнүн талабын канааттандыруу үчүн ар кандай ыкманы пайдалануу м-н товар өндүрүүчүлөр эрегиши. Н а р к- т ы к А. ‒ товар өндүрүүчү товарын атаандашы на караганда кыйла төмөнкү баада сатуу жолу. Н а р к т ы к э м е с А-та өндүрүүчү товардын сапатын жакшыртуу жолу м-н эрегишет .