АСЫРАНДЫ БАЛДАР ҮЙҮ
Jump to navigation
Jump to search
АСЫРАНДЫ БАЛДАР ҮЙҮ ‒ ата-энеси жок же үйдөн качып жүргөн балдар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай. Кароосуз калган балдар үчүн биринчи асыранды үйдү швейцариялык педагог Песталлоцци түзгөн. Биздин өлкөдө балдардын «Ак жол» асыранды үйү Бишкек шаарында уюштурулган (2000). Мында мектепке чейинки ж-а мектеп курагындагы балдар убактылуу жашап, билим-тарбия алышат.