АСКЕРДИК НААМДАР
АСКЕРДИК НААМДАР– аскер кызматчыларынын ж-а аскерге милдеттүүлөрдүн кызматтык
абалына, аскердик же атайын даярдыгына, иштеген жылына, куралдуу күчтөрдүн кайсы түрүнө таандыгына, аскерлердин түрүнө ылайык ар бирине жекече берилет. А. н. – өздүк курамдын аскердик кызматты өтөөсүн, кадрларды жайгаштыруунун, алардын туруктуу кызматтык-укуктук абалын туура уюштуруунун маанилүү шарты. Алар аскер кызматкерлер арасындагы өз ара мамиледе улуулукту, аскер кызматынын мөөнөтүн ж-а запастагы абалын аныктайт; материалдык ж-а акча м-н камсыз кылууга, мамл. камсыздоого, аскер кызматкерлерине ж-а алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө болгон жеңилдик укугун аныктоодо олуттуу мааниге ээ. КРдин куралдуу күчтөрүндөгү А. н-дын тизмеси Ички кызмат уставында келтирилген.
Аскердик даражалары | Аскердик наамдары |
Аскерлер | Катардагы жоокер
(курсант) Ефрейтор |
Сержанттар ж-а стар-
шиналар
|
Кенже сержант
Сержант
Улук сержант
Старшина
|
Прапорщиктер | Прапорщик
Улук прапорщик
|
Кенже офицерлер | Кенже лейтенант
Лейтенант
Улук лейтенант
Капитан
|
Улук офицерлер | Майор
Подполковник Полковник |
Жогорку офицерлер | Генерал-майор
Генерал-лейтенант Генерал-полковник |