АСКЕРДИК ЖЕ АТАЙЫН НААМДАН АЖЫРАТУУ
Jump to navigation
Jump to search
АСКЕРДИК ЖЕ АТАЙЫН НААМДАН АЖЫРАТУУ– наамы бар күнөөлүү адамга сот тарабынан колдоно турган кошумча жазалардын бири. Жогоруда көрсөтүлгөн жаза сот тарабынан төмөндөгү учурларда колдонулат: I) атайын же аскердик наамы бар күнөөлүү адамга айыптоо өкүмүн чыгарып жатканда; 2) күнөөлүү адамдын жасаган кылмышы оор же өзгөчө оор кылмыш жиктерине кирсе (классифакадия). Сот бул наамдар министрликтердин буйругу же КРдин Президентинин Жарлыгы м-н берилгенине карабастан, алардан ажыратууга укуктуу.
К. Бодобаев, К. Курманов.