АСКЕР УКУГУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:31, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСКЕР УКУГУ– КРдин куралдуу күчтөрүн уюштуруу принциптерин, формаларын, аскерлерди башкаруу негиздерин, куралдуу күчтөрүн комплекттөө, аскердик кызмат өтөө тартибин; аларды материалдык ж-а акча каражаттары м-н камсыз кылуу аскер кызматчыларына ж-а алар­дын үй-бүлө мүчөлөрүнө жеңилдиктерди, пен­сия, пособиелерди дайындоо ж. б. жоопкерчиликтерди аныктайт. Аскердик укуктун негиз­ги булактары катары КРдин эл аралык келишимдери, Конституциясы, «Коргоо жөнүндө», «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» ж. б. мыйзамдары, о. эле аскердик башкаруу органдарынын актылары: устав, жобо, методикалык көрсөтмөлөр, колдонмолор, эрежелер ж-а директивалар саналат.