АРРЕНИУС
АРРЕНИУС Сванте Август (19. 2. 1859 - 2. 10.1927) – физ. химия б-ча швед илимпозу. Швед ИАнын мүчөсү (1901), бир топ өлкөнүн академияларына ж-а СССР ИАнын ардактуу мүчөсү (1926). Кембридж, Оксфорд, Бирмингем ж. б. ун-ттердин ардактуу доктору, электролит диссоциация теориясынын негиздөөчүсү. Упсал ун-тин бүтүргөн соң (1882), Стокгольм ИАнын физ. ин-тунда иштейт. 1895-жылдан Стокгольм ун-тинин проф., Нобель сыйл. лауреаты (1903). 1905-жылдан Нобель ин-тунун директору. Электролиттердин суюлтулган эритмелеринин электр өткөргүчтүгүн изилдеп, алардын молекуласы эриген учурда заряддалган бөлүкчөлөргө – иондорго ажырайт деген жыйынтыкка келген (1887). Анын электпролитптпик диссоциация теориясы – 19-к-дагы улуу ачылыштардын бири, ал эритмелерди андан ары изилдөөгө негиз берди.