АРКАК ТYPГҮЧ МАШИНА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:33, 17 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Jortbek (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРКАК ТҮРГҮЧ МАШИНАаркак жибин чыгырыкка түрүүчү машина. Токуучу машинанын ийигине чыгырык кийгизилет да, эки кыскыч м-н кысылат. Ийик айланганда чыгырык кошо айланып, аркак жибин түрөт. Аркактын чыгырыкка текши түрүлүшү атайын механизм м-н жөнгө салынат. Жип чыгырыкка түрүлүн бүткөндө же үзүлгөндө, чыгырык өзүнөн өзү токтойт. Жиптин жоондугу атайы орнотулган прибор м-н текшерилип турат.