АРАА ТУМШУК СЫМАЛДАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:39, 15 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАА ТУМШУК СЫМАЛДАР (Pristiformes) - кемирчектүү балыктар түркүмү. Денеси узун, нык, көкүрөк сүзгүчтөрүнүн четтери башы м-н биригип өскөн. Уз. 6 мге жетет, салм. 2400 кг, катран сымал акулаларга тектеш. Башка балыктардан аналдык сүзгүчү жоктугу м-н айырмаланат. Тумшугу узун, капталдарында сүйрү ж-а тыгыз, араа сымал чоң тиштери бар. А-дын 1 тукуму, 1 уруусу, 7 түрү бар. Тынч ж-а Индия океанында жашайт. Суу түбүндө жай жүрүүчү майда бентос жаныбарлар м-н азыктанат. Аларды узун тумшугу м-н суу түбүндөгү катуу жерден казып алат. А-дын ургаачысы 12ге чейин жумуртка-тирүү тууйт. Жерг. элдин промысел объектиси.