АНКИЛОЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:06, 25 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНКИЛОЗ (гр. ankylos – ийри) – эки сөөктүн муун башынын бир-бирине чапталып калышынан пайда болгон кыймылсыз абал. Негизги себептери муундун катуу кармаган өнөкөт инфекциялык сезгениши; сөөк учтарынын кырсыктан жабыркашы. A-до муун сөөктөрүнүн бетине фиброз, кемирчек, сөөк ткандары өсөт. Буту-колдун А-унда кол же бут сунулган б-ча же ар кандай бүгүлгөн абалда жазылбай калат. Алдын алууда кырсыкка ж-а сезгенүүлөргө учураган муундарды өз убагында туура дарылоо ж-а курорт, санаторийде дарылап, дарылоочу дене тарбия сунуш кылынат. Айрым түрлөрүн хирург. жол м-н дарылайт.