АНЖИЯН ОБЛУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:43, 25 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНЖИЯН ОБЛУСУ Өзбекстан Респ-сында. 1941-ж. 6-мартта түзүлгөн. Фергана өрөөнүнүн чыгышынан орун алган. Аянты 4,2 миң км2. Калкы 3,0 млн (2018), шаар калкы 32%. Облуста 14 адм. район, 11 шаар, 5 шаарча бар. Борбору -Анжиян ш. Облустун борб. бөлүгү түздүк, чыгышы улам бийиктеп, адырлуу (Алай ж-а Фергана кырка тоолорунун этеги) келет. Облус геол. активдүү зонада жайгашкандыктан, катуу жер титирөөлөр болуп турат. Климаты кескин континенттик. Январдын орт. темп-расы –3°С, июлдуку 27°С. Жылдык жаан-чачыны 200 0 ммдей. Башкы суусу – Кара-Дарыя (Сыр-Дарыянын куймасы). Өзбекстандын башка облустарына караганда суу ресурстарына бай. Боз, шалбаа ж-а саздак топурактуу. Айдалбаган жеринде шыбак өсөт. Калкынын көбү өзбектер, о. эле орус, кыргыз, татар, уйгур ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Калктын орт. жыштыгы 1 1 км2 жерге 517 киши. Нефть ж-а газ казып алынат. Нефть ж-а хим. (Анжиян), жеңил (а. и. пахта тазалоо), тамак-аш (май, консерва) өнөр жайы бар. Хожабат – Анжиян – Асака газ кууру, Анжиян суу сактагычы курулган. Асака ш-нда машина куруу (жеңил) з-ду иштейт. Сугат дыйканчылыгы (Чоң Фергана, Түш. Фергана, Чоң Анжиян, Анжиян каналдары бар) өнүккөн. Айдоо аянтынын �ын 3/4үнө пахта эгилет. Жашылча-бакча өсүмдүктөрү, жемиш бактары өстүрүлүп, жүзүмчүлүк, жибекчилик өнүккөн. Тоют базасы жетишпегендиктен мал чарбасы начар өнүгүп, малы Кырг-ндын жайыттарында (уй, кой) асыралат.т.